Шайлдабекова: автоматтык урналардагы маалыматтын 98,32 пайызы БШКга келип түштү

Жазылуу
15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп өттү

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Учурда автоматтык урналардан БШКнын серверине маалыматтар түшүп жатканын, анын пайыздык көрсөткүчү 98,32 экенин Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда чет жактагы шайлоо участкаларынан жана Кыргызстандагы үч шайлоо участкасынан маалымат келе элек.

"Азыркы учурда биздин системага 1270 участоктун маалыматы киргизилди. Алар дагы толукталып турат. Жалпысынан 1 миллион 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түзөт. Ал эми чет жакта болсо 4695 жаран добуш берген", — деди ал.

Эске салсак, 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо болуп, ага 11 талапкер катышты. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча алдыда Сооронбай Жээнбеков келе жатат. Экинчи орунда Өмүрбек Бабанов.

Жаңылыктар түрмөгү
0