Кыргыз-казак чек арасындагы тозок: Астана чечиминин кээрин тарткан Кыргызстан

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСитуация на контрольно-пропускном пункте "Акжол автодорожный" на границе КР и РК
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы кырдаалдан улам казак өнөктөштөр келишимди бузуп салышы мүмкүн экенин айткан кыргызстандык ишкерлер учурда сарсанаа болуп турган чагы

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Жүзүм, анар, курма, айва жүктөлгөн фуранын ээси Маур үч күндөн бери кыргыз-казак чек арасынан өтө албай турат. 87 миң долларлык товар күндөн күнгө эскирип бара жатканын айткан айдоочу өлкөнүн түштүк аймагынан Россияны көздөй бара жатканына токтолду. 

"Мөөнөтүмөн кечиктим, анткени чек ара жабык, Казакстан унааларды өткөрбөй жатат. Үч күндөн бери эки чакырымга жылдым. Эки өлкөнүн пикир келишпестигинен карапайым эл жабыр тартып жатат", — деди ал.

Маур улам-улам унаа кыймылдаткычынын үнүнө кулап салып коет, эгер бир нерсесинин иши үзгүлтүккө учураса муздаткычы иштебей калат да, Россияга алып бара турган товардан биротоло кол жууйт. 

© Sputnik / Данияр Сандыбаев"Ак-Тилек" бекетиндеги абал
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек автодорожный - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Тилек" бекетиндеги абал

Ушу тапта "Ак-Тилек" бекетинде 300гө чукул фура кезек күтүп турат. Жарымы кыргызстандык болсо, теңи Казакстандын машиналары. Арасында Россия, Белоруссиядан келгендери да бар.

Унаа агымы өтө эле жайт: бир саатта 1-2 фура өтүп жатат. Тез арада бузулуучу азык-түлүктөрдү ташыган ири унаалардын көбү артка кайткан. Ал эми түштүк аймактан келгендер артка куру кол кайтаары бышык. 

Кыргыз-казак чек арасындагы мындай көрүнүш бир жумадан бери өкүм сүрүүдө. Астана Кыргызстандан контрафактылык товарлардын киришине каршы иш жүргүзүп жатканын маалымдаган.

"Бүгүнкү күндө кыргыз-казак чек арасындагы күчөтүлгөн текшерүү иштери пландык негизде жүрүүдө. Көзөмөл ЕАЭБдин талаптарын аткаруу жана мыйзамсыз импортко жол бербөө максатында аткарылып жатат", — деп Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлиги билдирген.

© Sputnik / Данияр Сандыбаев"Ак-Тилек" пунктунда кезек күткөн фуралардын тыгыны
Затор из фур на КПП Ак-Тилек - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Тилек" пунктунда кезек күткөн фуралардын тыгыны
Бүгүн Кыргызстанды дагы бир маалымат сестентти: Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды.

Кыргыз заводдоруна сүт жеткирген ATALYK GROUP агрохолдингдин жетекчиси Туратбек Укубаев Астананын чаралары фермерлерге залакасын тийгизерин билдирди.

"Казакстан жайытка чыккан учур бүтүп, сүттүн баасы кымбаттаган маалда чектөө киргизди. Эми фермерлер пландап жаткан кирешеден кур калышат. Ушул жумада сүттүн баасын көтөрүү боюнча заводдор менен сүйлөшүү жүрмөк. Бирок эми бул максаттар ишке ашпай турганын түшүнүп калдык. Сүттү чоң көлөмдө экспорттогон компаниялар чыгым тартканы калды", — деди бизнесмен.

Сүт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга Кыргызстандын сүт азыктарын ташууга тыюу салынды
ATALYK GROUP агрохолдингинин дагы ичимдик жүктөгөн бир нече фурасы чек арадан өтө албай турат. Укубаевдин айтымында, казак кесиптештер түзүлгөн кырдаалга байланыштуу келишимди бузуп салышы мүмкүн.

"Казакстандагы биздин кардарлар азыр чыдап, колунда болгон запасын пайдаланып жатышат. Эгерде мындай абал созулуп кетсе, тийген кесепети бир топ эле болот. Бизге окшогон ири ишканалар үчүн чек арадагы абал анчалык трагедиялуу эмес, ал эми чакан ишканалар үчүн бир фура товарынын бузулуп кетиши аны банкротко алып келиши мүмкүн", — деди ал.

Товар менен камсыздоочулардын, өндүрүшчүлөрдүн жана дистрибьютерлердин ассоциациясынын президенти Гүлнара Искенбаева ишкерлер чыгымын эсептей баштаганын айтты.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргыз-казак чегиндеги "Ак-Жол" бекетиндеги кырдаал
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чегиндеги "Ак-Жол" бекетиндеги кырдаал
Эсептөөлөргө караганда, бир фуранын чек арада бир күн туруп калышы ишкер үчүн бир нече жүздөгөн доллар чыгымды чапчыйт. Бул тез бузулуп кетүүчү жүктү эсепке албагандагы эсеп-чот деди ал.

"Биздин маселе качан чечилет деп сабырдуулук менен күтүп турабыз. Ишкерлер абалды курчуткусу келген жок. Бул, албетте, жагымсыз абал, бирок чыдоого болот. Себеби биз тез бузулуп кетүүчү товарлар менен иштебейбиз", — деп белгиледи биздин маектеш.

Экономика министри Артем Новиков бул маселени чечүү боюнча атайын план иштелип жаткандыгын билдирди. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев"Ак-Жол" бекетине премьер-министр Сапар Исаков барып, жагдай менен жеринен таанышты
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
"Ак-Жол" бекетине премьер-министр Сапар Исаков барып, жагдай менен жеринен таанышты

"Ишкерлер менен улам сүйлөшүп, чыгымдын суммасын тактап жатабыз. Тиешелүү маалыматтарды чогултуп бүткөндөн кийин андан ары эмне кылышты чечебиз. Чек арада түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тамак-аш менен камсыздаган чатырлар тигилген", — деди экономика министри.

Ишемби күнү премьер-министр Сапар Исаков чек арага барды. Ал абалдын кесепетин жеңилдетүү боюнча атайын штабды түзүүнү тапшырып, ага жоопкер кылып вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевди дайындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0