Чоң-Алайда жер титирөөдөн жабыркагандарга 81 турак жай курулмай болду

© Фото / Зульфия ТургуноваПоследствия землетрясения в Чон-Алайском районе
Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын июнь айында ӨКМдин АКТЕД эл аралык уюму менен Ага-Хан фондусунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлуп, Чоң-Алайда зилзаладан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардам берүү маселеси каралган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн жабыркагандарга 60тын ордуна 81 турак жай курулууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2017-жылдын июнь айында ӨКМдин АКТЕД эл аралык уюму менен Ага-Хан фондусунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлуп, Чоң-Алайда зилзаладан жапа чеккен үй-бүлөлөргө жардам берүү маселеси каралган.

"Долбоордун алкагында Жекенди айыл аймагына жардам берүү максатында жалпы суммасы 340 000 АКШ доллар бөлүнгөн. Анын ичинен АКТЕД уюмуна – 45, ал эми Ага-Хан фондуна – 15 турак жайды калыбына келтирүү мерчемделип, курулуш материалдарын жерине чейин ӨКМ жеткирген. Жыйынтыгында жол кире чыгымдары үнөмдөлүп, дагы 21 үй-бүлөгө турак жай курулмай болду", — деп жазылат маалыматта.

Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында 29-апрелде жер көчүп алты үй-бүлөдөн 24 кишини басып калган - Sputnik Кыргызстан
Камсыздандырбасаң жардам күтпө! Ошто үйсүз калгандар канчага чейин чатырда жашайт?
Бүгүнкү күндө ӨКМ тарабынан курулуш материалдарды жеткирүү иштери график боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган.

Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15де болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. Анын кесепетинен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 523 үй жарактан чыгып, 3000дей тургун чатырларга көчүрүлгөн. Кийинчерээк табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн өкмөт атайын эсеп ачкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0