ИИМ: Маевкада үй менен унааларга өрт койгон адам оорулуу болушу мүмкүн

© Sputnik / Данияр СандыбаевСлучаи массового поджога в селе Маевка Аламудунского района
Случаи массового поджога в селе Маевка Аламудунского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмышка шектүү адамды издөө иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Аламүдүндүн Маевка айылындагы турак жай менен унааларга өрт койгон адам психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя 17-октябрга караган түнү болуп, жеринде Аламүдүн РИИБинин ыкчам-тергөө тобу иш алып барган.

Пожар троллейбуса №17 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте троллейбус күйүп кетти. Жеринен алынган кадрлар
Аталган факты боюнча белгисиз адамдардын кылмыш аракетинин айынан Fiat унаасы толугу менен жана Toyota, Subaru эки унаасынын айрым бөлүктөрү күйгөн. Мындан сырткары, ал адамдын бир турак жайга да өрт коюуга аракет жасаганы аныкталган.

Аталган факты боюнча шектүүлөр издөөгө алынган. Атайын экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.

Божомолдор боюнча өрт койгон адам психикалык жактан оорулуу болушу мүмкүн. Кылмышка шектелип 30-35 жаштагы азиат түспөлүндөгү жаран изделип жатат.

Ошондой эле ИИМ бул жерде улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө аракет жасалган деген маалыматты четке кагат.

Жаңылыктар түрмөгү
0