Бүгүнтөн тарта жылуулук берилет. Биринчи болуп системага кошулчу объектилер

Жазылуу
Жылуулук системасын ишке киргизүү чечими аба ырайынын суукташы менен кабыл алынган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бүгүн, 17-октябрда, Бишкекте борбордук жылуулук системасы иштей баштай турганын Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматы эскертти.

Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.

Андан кийин системага карызы жок турак жайлар, өнөр жай ишканалары кошулмакчы.

Жылуулук системасын ишке киргизүү чечими аба ырайынын суукташы менен кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0