Маевкада үйлөр менен унааларга өрт коюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Кылмышкер бир нече күндөн бери Маевка айылынын тургундарынын мүлкүнө өрт коюуда

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында катталган бир нече өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маевка айылында 17-октябрга караган түнү үйлөрдүн биринде турган Fiat үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен. Ошондой эле Subaru менен Toyota автолорун өрттөө аракети болгон. Мындан тышкары, кылмышкер дагы бир үйгө өрт койгусу келген. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга чейин айылдагы чач тарач менен времянканы өрттөө аракеттери болгон.

"Ички иштер органдары тарабынан элдин мүлкүн атайылап жок кылууга шектелген адамды кармоо үчүн ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат. Учурда топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси "бирөөнүн мүлкүнө атайылап залака тийгизүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле көрсөтүлгөн фактылар боюнча бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0