Сүлүктү мэриясы шахталардагы адам өлүмдөрү боюнча коңгуроо какты

© Фото / пресс-служба госинспекции по экологической и технической безопасности КРУгольная шахта в Сулюкте
Угольная шахта в Сулюкте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лицензия туура эмес берилип, жыл башынан бери Сүлүктүдөгү шахталардан тогуз адам каза болду деп билдиришти

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Сүлүктү шаарынын аймагындагы эски көмүр шахталарындагы кырсыктан адам өлүмү көп кездешип жаткандыктан, аталган калаанын мэриясы бул боюнча чара көрүүнү суранып жатат. Бул туурасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы маалымат таратты.

Жыл башынан бери Сүлүктүдөгү шахталардан тогуз адам каза болгон.

"Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет мындан 30-40 жыл мурда жабылган кенде көмүр казууга уруксат берип жаткандыктан кырсык саны көбөйдү. Андан бөлүнүп чыккан уулуу газ шахтачылардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатат", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Мэрия буга чейин ал жерде иштөөгө тыюу салынганын айткан.

Шахта имени С.П. Ткачука в Харцызске на Донбассе - Sputnik Кыргызстан
Сүлүктүдөгү шахтада уранды алдында калган киши каза болду
"Буга чейин аталган жайлардан көмүр казылып, бирок алар жабылган. Демек, бул ал жерден экинчи ирет көмүр казууга болбойт дегенди түшүндүрөт", — деп билдирген мэрия.

Статистикалык маалыматтар келтирилип, Сүлүктүнүн көмүрү өлкө боюнча 6 пайызды, ал эми бул жердеги эмгек учурунда көз жумган көрүнүш 67 пайызды түзгөндүгү айтылган.

Мэрия тиешелүү тараптар сурагандарга лицензияны жердин шартын карабай, жергиликтүү бийлик менен макулдашпай берип жаткандыгын жүйө келтирген. Бир катар кендер турак үйлөргө жакын болгондуктан, жергиликтүү жашоочуларга кооптуулук жаралып жатканын кошумчалашкан.

"Эксперттердин айтымында, эгерде аталган мамкомитет лицензияны жергиликтүү бийлик менен кеңешпей өз алдынча бере берсе, мындай кырсыктар улана берет", — деп жазылат маалыматта.

Учурда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Сүлүктүнүн мэриясы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетке өлкөдөгү шахталар менен кендерди көзөмөлгө алууну өтүнгөн кат даярдап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0