Катуу шамалдан улам Чүйдүн бир катар аймагы жарыксыз калды

Жазылуу
Ушу тапта кемчиликтерди жоюу боюнча 60 бригада иштеп жатат

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бүгүн таңда ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жеткен катуу шамалдан улам Бишкектин эки жаңы конушу менен Чүй облусунун бир катар райондорунда электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" билдирди.

Провода для электролинии - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө тосмо куруп жаткандар электр зымын үзүп салып, 60 үй жарыксыз калды
Маалыматка ылайык, жарык ушу тапта борбор калаадагы "Тынчтык" жана "Арча-Бешик" конуштарында жок. Ошондой эле Ысык-Ата районундагы "Ивановка", Аламүдүндөгү "Көк-Жар" жана "Стрельникова", Сокулуктагы "Күн-Туу", Чүй районундагы "Карой" жана "Искра" көмөк чордондоруна туташкан 10 фидери өчүп калган.

Ушу тапта "Түндүкэлектр" ишканасынын кызматкерлери электр зымдарын текшерип, кемчиликтерди жоюу боюнча 60 бригада иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0