Отко байланыштуу 7 "болбойт"

© Фото / Зульфия ТургуноваГотовка лепешки в Оше
Готовка лепешки в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"От менен ойнобо" деген элибизде жакшы сөз бар. Илгери көчмөн турмушта элдин жашоосунда ак, суу сыяктуу эле от да негизги роль ойногон. Коломтосу күйүп турган үйдө ар дайым береке, кут болот деп коюшкан.

Этнопедагог Абдыкерим Муратов отко байланышкан тыюулар, ишенимдер байыркы доордон бери келе жатканын билдирип, алардын бүгүнкү күндө да орду чоң экенин кошумчалап кетти. Ошондой эле Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине отко байланыштуу тыюуларды айтып берди.

От менен ойнобойт. От менен ойногон адам "акыры бир нерсенин ичинен чыгат" деп коюшкан. Андыктан күйүп жаткан оттон айрыкча жаш балдар алыс болуш керек.

Очоктогу отту суу куюп өчүрбөйт. Муну менен элибиз үйдө оттун шамы биротоло өчүп калат деген ишенимди колдонушкан. Ошондой эле ага түкүргөнгө да тыюу салынат.

Горное пастбище в Суусамырской долине - Sputnik Кыргызстан
Акка байланыштуу 9 "болбойт"
Отко ыплас буюм салбайт. Отко күйүп кетет деп акыр-чикирди таштай берген туура эмес.

От өчө электе очоктон чыгарбайт. Үйдөн ырыскы качат деп айтылып жүрөт. Ошондой эле күйүп турган отту өчүрбөй таштап койбойт, аны үйдөн күүгүмдөн кийин сыртка алып чыккан да туура эмес.

Отту (чычаланы) бут менен ичкерилетпейт. Оттун күлүн да тебелебейт. Эл ичинде оттун күлүн тебелегендер тукумсуз болуп калат деген ишеним жашаган.

Отунду күйүп жаткан кемегенин оозуна жарбайт. Мындан сырткары, отко каратып миздүү куралдарды жалтаңдатпайт.

Отко, күлгө заара ушатпайт. Ата-бабалар ар дайым бата бергенде да "коломтоңдон от кетпесин" деген сөздү кошуп айтчу. Демек, үйдөн ырыскы, береке кетпесин десеңиз отко аяр мамиле жасай билиңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0