Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Агы ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде, Ысык-Көл облусунда, Нарын ойдуңунда 13…18 градус жылуу болот.

Ош, Бишкек шаарларында жаан жаап, 14…16 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0