Сүлүктүдөгү адам өмүрүн алган кырсык боюнча билдирүүгө тиешелүү тарап жооп берди

© REUTERS / Kacper Pempel / File PhotoУгольная шахта в Польше
Угольная шахта в Польше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамкомитети аларда өнөр жай коопсуздугу, кендерди кайтаруу боюнча көзөмөлдүк кылуу милдети жоктугун кошумчалаган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет эски шахталарга лицензия берүү боюнча алардын дарегине айтылган билдирүү жөнсүз деп эсептейт. Бул туурасында аталган агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Сүлүктү шаарынын аймагындагы эски көмүр шахталарындагы кырсыктан адам өлүмү көп кездешип жаткандыктан, аталган калаанын мэриясы менен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы маалымат тараткан

"Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети 81 лицензия берген. Алардын ичинен 23ү Сүлүктүдөгү күрөң көмүр жаткан жер геологиялык чалгындоо иштерине каралган. 11 уруксат кагазы көмүр казуу жаңыланган эски шахталарга берилген. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сүлүктүнүн мэриясынын айыптоолорун негизсиз деп эсептейбиз", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Шахта имени С.П. Ткачука в Харцызске на Донбассе - Sputnik Кыргызстан
Сүлүктүдөгү шахтада уранды алдында калган киши каза болду
Анда Кыргызстандын мыйзамдары мурда иштетилген кендерди казууга уруксат берери айтылган. "Колунда лицензиянын болушу тоо-таштарда казуу иштерин дароо баштап жиберүү дегендик эмес. Аны алгандан соң долбоордук чечим чыгат да, кен каза тургандар жергиликтүү бийликтин, бул жагдайда Сүлүктү мэриясынын уруксатын алышы кажет. Андыктан, бардык иштер уруксат берилип жана мэриянын кабары болуп эле иштетилип жатат", — деп билдирген аталган мамлекеттик комитеттен.

Аталган ведомство кырсыктардын көп болуп жатышынын техникалык эрежелер менен долбоордук чечим сакталбагандыгы деп айтышты. Ал эми ага көзөмөлдү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жүргүзө тургандыгы айтылган.

"Эгер алар тиешелүү деңгээлде көзөмөл кылып, зарыл болгон эрежелердин сакталышына караса адам өлүмү болбойт эле", — деген билдирүүсүн тараткан.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети аларда өнөр жай коопсуздугу жана кендерди кайтаруу жаатында көзөмөлдүк кылуу милдети жоктугун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0