Киевде президент Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын көргөзмөсү ачылат

© Фото / Ажара ШабдановаДочь президента КР Алмазбека Атамбаева Алия Шагиева
Дочь президента КР Алмазбека Атамбаева Алия Шагиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Галереянын кызматкерлеринин айтымында, көргөзмө октябрь айынын аягында өтөт

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Киев шаарында кыргызстандык сүрөтчү, президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Триптих" галереясынын өкүлдөрү билдирди. 

Ага ылайык, көргөзмө 25-октябрда Киевдеги белгилүү арт-аянтчаларынын бири болгон "Триптих" галереясында өтөт. 

Ал эми Алия Шагиева бул көргөзмөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Шагиева буга чейин Бишкек шаарында өз эмгектеринин көргөзмөсүн өткөрүп, андан түшкөн каражатты Даун синдромунан жабыркаган балдардын ата-энелеринин "Сантерра" коомдук фондусуна берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0