ӨКМ коопсуздуктун алдын алууга кеңеш берген китепче чыгарды

© Фото / пресс-служба МЧС КРРабота МЧС КР
Работа МЧС КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китеп жаш балдардан тарта улуу курактагы адамдарга да багытталган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Чукул кырдаалдарда кандай чара көрүү, үй-бүлөнүн коопсуздугунун алдын алуу туурасында кеңири маалымат берген атайын колдонмо китеби жарык көрдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"ӨКМдин Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасы өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча үй-бүлөлүк көрсөтмө китебин иштеп чыкты. Бул нускамада жер титирөө, суу ташкыны, өрт кырсыгы, радиация жана жер көчкү сыяктуу кырсыктар боюнча практикалык кеңештер жана көрсөтмөлөр кеңири сүрөттөлүп чагылдырылган", — деп айтылат маалыматта.

Китеп жаш балдардан тарта улуу курактагы адамдарга да багытталган.

Нускаманын басылып чыккан саны аз болгондугуна байланыштуу, калкка кеңири жайылтуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий mes.kg сайтына жайгаштырган. Аны шилтемеси менен кирип, көчүрүп алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0