Текебаев бүгүн түзөтүү колониясына которулат

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoЛидер политической партии "Ата-Мекен" Омурбек Текебаев
Лидер политической партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан №1 СИЗОго которулган. Эми алар түзөтүү колониясына жеткирилет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына (ал жакта оорукана бар) которулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

10-октябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын тергөө абагынан №1 СИЗОго которулган.

"Чотонов Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которулду. Ал эми Текебаев түштөн кийин №47 түзөтүү колониясына которулат. Мындай кадам алар эки башка жакта болушу керектигинен улам жасалды. Текебаев боюнча анын жактоочуларынын сунуштары эске алынды, бирок бул анын ден соолугуна байланыштуу эмес", — деп ЖАМКтан билдиришти.

Белгилей кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коррупция беренеси боюнча айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0