Ишембинин түнүндө кыргызстандыктар укмуштуудай космостук кубулушка күбө болот

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАсмандагы жылдыздар. Архив
Асмандагы жылдыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин атмосферасына Ориониддер метеору түшөт

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Дүйнө эли 21-октябрга караган түнү укмуштуудай космостук кубулушка күбө болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Москва планетарийине таянуу менен билдирди

Дал ушул күнү метеориддер жердин атмосферасы аркылуу өтөт.

"Жакынкы дем алыш күндөрү Орион жылдыздар тобунун метеориди — Ориониддер өзүнүн максимумуна жетет. Ал акыркы жолу Жер планетасына жакын жерден 1986-жылы учуп өткөн. Бирок анын бөлүнүп калган бөлүгү жерге жылына эки жолу жакындайт. Жаз айындагы метеорид жааны — Май Аквариддери деп аталса, күзгүсү — Ориониддер деп аталат", — деп жазылат маалыматта.

Ориониддерди Кыргызстандан эгер аба ырайы жакшы болсо саат 03.00дөн тарта таң аткыча түштүк-батыш тараптан көрүүгө болот.

Кыргызгидрометтен маалымдашкандай, 21-октябрга карага түнү өлкө аймагында күн ачык болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0