ӨКМ: "Асанбайдагы" өрт чектелди, жалын 2000-2500 чарчы метр аянтты жалмаган

© Sputnik / Михаил ДудинПожар в районе парка "Асанбай" в Бишкеке
Пожар в районе парка Асанбай в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык тууралуу билдирүү бүгүн саат 10.15те түшкөн

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Саат 13.31де "Асанбай" кичирайонунда жайгашкан кафелерден чыккан өрт чектелгенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, "Ганбей" кафесинен эртең менен өрт чыккан. Кырсык тууралуу билдирүү ӨКМге саат 10.15те түшкөн. Бир аздан кийин жалын жанындагы кафедерге жайылган. Алгач өрттү өчүрүүгө төрт атайын унаа тартылса, кийин алардын саны 11ге жеткен.

"Жалпы жолунан болжол менен 2000-2500 чарчы метр аянт күйгөн. Учурда өрттүн майда очокторун өчүрүү жана урандыларды тазалоо иштери уланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин айтуусунда, кырсык болгон жерде 12 өрт өчүрүүчү унаа жана бир авариялык-куткаруу машинасы иштөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0