Милиция үчүн биз саан уйбуз. Фура айдоочусунун кыжырын кайнаткан 5 учур

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik жекшемби сайын ар кайсы кесип ээлеринин жинине тийген учурлар жөнүндө жазууну салтка айландырып алган.

Бул жолу жол азабын тартып, миңдеген чакырымдарга жүк ташыган унаа айдоочуларынын "муңун" уктук.

Ал үчүн "Ак-Тилек" өткөрмө пунктуна барып, андагы фуралардын тыгынында кезек күткөн айдоочу менен маектештик.

Милиция

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Сөз жетпей калды, ырдап-чордомок болчумун! Тамаданын кыжырына тийген 7 учур
Ишенесиңерби, милициянын жолдогу эң "сүйүктүү" адамдары бизбиз. Башкача айткандай, биз аларга саан уйдай элебиз. Чынын айтсам, жолдо көп эле инспекторлорду кезиктиресиң, алардын ичинен эң эле "меймандостору" казакстандык тартип сакчылары. Айла жок, убактыңды, нервиңди короткондон көрө сураганын берип кетип калайын деп жанталашасың.

Жолдор

Мен жумалап рулда жүргөндүктөн, өлкөдө жол маселеси канчалык орчундуу экенин баарынан жакшы түшүнөм. Албетте, мамлекет акчаны кайда кетирип жатат, жолду эмнеге сапатсыз жасашат деп наалысам болот. Бирок убактымды ага короткум келбейт.

Айла кеткенде…

Азыр биз эки дөөнүн ортосунда калган байкуш кара чымын болуп жатабыз. Жогору жакта турган адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бизге окшогон карапайым адамдар кор болдук. Мисалы мен үч күн кезекте туруп, майга эле 300 доллар короттум, жүктү убагында жеткире албай калдым. Эми эмне болот?

Заманбап музыка

Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы сегиз чакырымдык тыгындын асмандан көрүнүшү
Ооба, мен унаада жашаган адаммын. Менин жашоомду кыскача ушинтип сүрөттөп койсо болот. Бүтпөгөн жолду кыскартуу үчүн бир нече саат бою радио угууга туура келет. Бирок азыр радиодо коюлуп жаткан музыкаларды укканда кадимкидей уялам. Музыка жан дүйнөгө азык болуп, адамдын дүйнө таанымын кеңейтиш керек. Ал эми азыркы ырлардын мааниси жок эле бирдеме…

Жол кырсыктары

Акыркы учурларда күн санап өсүп бара жаткан жол кырсыктары жүрөктү түшүрчү болду. Өзгөчө жол кырсыгынан каза тапкан балдардын сөөгүн көрүп калганда дүйнөм тарып кетет. Түшүнөм, мунун баары айдоочулардын шалаакылыгынын кесепети. Бирок ар бир айдоочуга айтат элем, рулга отурарда өзүңөрдүн гана эмес, башкалардын дагы өмүрүнө жоопкер экениңерди унутпагылачы…

Жаңылыктар түрмөгү
0