Аксыда эки заманбап ФАП ишке берилди

© Фото / пресс-служба Минздрава КРЖалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катардын кайрымдуулук уюму Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте сегиз ФАП курууну пландаган

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, курулуш иши аталган министрликтин макулдугу менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму тарабынан курулган. Ал эми жергиликтүү бийлик объектиге жер бөлүп берген.

© Фото / пресс-служба Минздрава КРЖалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды
© Фото / пресс-служба Минздрава КРКурулуш иши аталган министрликтин макулдугу менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму тарабынан курулган.
Курулуш иши аталган министрликтин макулдугу менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму тарабынан курулган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Курулуш иши аталган министрликтин макулдугу менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму тарабынан курулган.
1/2
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кез-Арт жана Кой-Таш айылдарына Фельдшердик-акушердик пунктулар (ФАП) ачылды
2/2
Курулуш иши аталган министрликтин макулдугу менен Катар мамлекетинин Кыргызстандагы кайрымдуулук уюму тарабынан курулган.

"Ар бир ФАП санитардык нормаларга ылайык курулган. Бардык кабинеттер тийиштүү эмеректер жана жабдыктар менен жабдылган. Ошондой эле анда тажрыйбалуу медицина кызматкерлери иш алып барат", — деп айтылат маалыматта.

Катардын кайрымдуулук уюму Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте сегиз ФАП курууну пландаган. Учурда жыл аягына чейин калган объектилердин курулуш иштерин бүтүрүп, эксплуатацияга берүү аракеттери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0