Бишкектеги №5 муниципалдык мончо эртеңден тарта иштей баштайт

© Sputnik / Ксения Сидорова / Медиабанкка өтүүСандуновские бани в Москве
Сандуновские бани в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык мончо 1968-жылы курулган

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы №5 муниципалдык мончо ремонттон кийин ишке берилет. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мончо 2017-жылдын 3-июлунда оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылган болчу.

"Мончого косметикалык ремонт жасалды. Келген адамдарга ыңгайлуу болушу үчүн унаа токтотуучу жайы ачылды. Объект 24-октябрдан тарта иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Муниципалдык мончо 1968-жылы курулуп, Гагарин көчөсүндө жайгашкан. Эртең мененки саат 8ден тарта кечки 8ге чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0