Шаар тургундары. Архив

Кыргызстанда учурда эмне болуп жатат. Тексттик трансляция

118
(жаңыланган 20:25 24.10.2017)
Sputnik Кыргызстан агенттиги салтка айланган тексттик трансляциясын улантат

Шейшемби күнүбүз жакшы окуяларга, жаңылыктарга бай болсунчу. Кеттик, анда! 

Биздин бул рубриканын бутуна турушуна сиз жардам бере аласыз, окурман. Ал үчүн Telegram тиркемесиндеги биздин "Дежурный по Бишкеку" тобундагы сүрөт менен видеолорду  бөлүшүп турсаңыз болот. 

Андан сырткары, сиз күбө болгон окуяны WhatsApp же Telegram тиркемелериндеги +996 706 566 544 номерине салсаңыз болот.

Жаңы билдирүү
  • 18:07

    Көргөзмө

    Бишкекте 9-13-ноябрь аралыгында Кожомкул атындагы спорт ордосунда "Бишкек — 2017" эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында "алтын медаль" сынагы, семинар, презентациялар уюштурулат. 

  • 18:02

    Аялдамага токтотулган унаа

    Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага токтотулган  

    Автомобиль Mercedes-Benz припарковался на остановке около пересечения улиц Ахунбаева и Жукеева-Пудовкина.
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
    Автомобиль Mercedes-Benz припарковался на остановке около пересечения улиц Ахунбаева и Жукеева-Пудовкина
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • 17:33
    Памирден келген кыргыздар Нарын районунун Куланак айылына жайгаштырылды

    Памирлик кыргыздар Куланак айылындагы кесиптик лицейге жайгаштырылды

    Белгилей кетсек, 13-октябрда Улуу жана Кичи Памирден 33 адам Нарынга алып келинген
    Дагы
  • 15:46

    Ошто уникалдуу азык-түлүктөрдүн көргөзмөсү өттү

    Шейшемби күнү, 24-октябрда Ошто биринчи жолу айылдык кыз-келиндердин жетишкендиктерине арналган фестиваль өттү. Иш-чаранын алкагында инновациялык айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү болуп өттү. 

    Фермерлер Кыргызстан үчүн жаңылык болгон киноаны көрсөтүштү. Ал "алтын дан" деген аталыш менен дагы таанымал. Курамында белок, микроэлементтер, минералдар жана аминокислоттор бар. Мындан тышкары, конокторго Индиянын анары, кичинекей ашкабак, жийде жана топоздун сүтүнөн жасалган курут тартууланды. 

    Катышуучулардын көңүлүн индиялык анар өзгөчө бурган. Аны жергиликтүүлөр ажыанар деп атап алышкан. Себеби бул өсүмдүктү өстүргөн аял анын уругун ажылыкка барганда алып келген. 

    На фестивале ООН в Оше фермеры представили инновационные продукты
    © Фото / Ольга Ниязалиева
    На фестивале ООН в Оше фермеры представили инновационные продукты
    © Фото / Ольга Ниязалиева
    На фестивале ООН в Оше фермеры представили инновационные продукты
    © Фото / Ольга Ниязалиева
  • 11:09

    Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев эл менен жолугушту

    Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев "Ак-Буура" жаеа "Жибек Жолу" аймактык кеңештеринин жашоочулары менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушуунун алкагында элге шаардык кызматтардын ишмердүүлүгү тууралуу тасма көрсөтүлүп, калаа инфраструктурасын жана тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча отчет берилди.

    Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.

    Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев провел встречу с жителями ТС №8 Ак-Буура и №11 Жибек-Жолу
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
    Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев провел встречу с жителями ТС №8 Ак-Буура и №11 Жибек-Жолу
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
    Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев провел встречу с жителями ТС №8 Ак-Буура и №11 Жибек-Жолу
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • 10:01
    Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун архивдик сүрөтү(ортодо)

    Исхак Раззаковдун ишмердигине байланыштуу көргөзмө өтөт

    Көргөзмө шаардагы мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясы жана Раззаков атындагы үй-музейи тарабынан уюштурулууда
    Дагы
  • 09:54

    Бишкекте түндө үч унаа кагышты

    Борбор калаадагы Көлбаев көчөсүндө үч автоунаа кагышып, жаракат алгандарды Тез жардам ооруканага жеткирди. Бул туурасында окуянын күбөсү кабарлады. 

    Анын айтымында, кичи автобус жүргүнчүнү түшүрүү максатында жол жээгинде токтогондо артынан келе жатып токтогон Toyota автоунаасын С-классындагы Mercedes келип сүзгөн.

    Күбө Toyota автоунаасын айдап жүргөн кишинин мас экендигин айтты. 

    Тез жардам кызматынан кырсыктан жабыркаган эки адамдын ооруканага жеткирилгендигин айтышты. Алардын ким экендиги жана кандай абалда экендиги белгисиз. 

    Оңдолгон көчө автоунаалардын каттамы үчүн бир ай мурда ачылган.

    (1:08 / 7.84Mb / )
  • 09:24

    Борбор Азиянын күчтүү мушкерлери сегиз бурчтукта жолугушат

    Борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында "WEF Global-10: Улуу жибек жолунун аскерлери" аталышындагы эл аралык ири турнир өтөт. Бул тууралуу WEF (World ertaymash Federation) федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жазып чыкты.

    Турнир 22-ноябрда башталып, чемпиондук кур үчүн үч беттеш өтөт.

    "Аталган турнирде Борбор Азиянын күчтүү мушкерлери ат салышат. Рейтинг үчүн беттештен сырткары чемпиондук курга үч беттеш берилген. Билеттен түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулукка жумшалат", — деди Кыдырмышев.

    Беттештен түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулукка жумшалат.

  • 09:13
    Кол чатырчан адам. Архив

    Шейшембиге карата аба ырайы

    Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет
    Дагы
118
Белгилер:
күбө, жаңылыктар, Кыргызстан