Тарых музейинен 503 экспонат жоголгон, анын 29у — баалуу металл

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы тарых музейи. Архив
Ала-Тоо аянтындагы тарых музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошондой эле М.В.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде да 100гө чукул буюмдары табылган эмес

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Мамлекеттик тарых музейинде 503 экспонат жоголгон, анын 29у — баалуу металл экенин Эсеп палатасына таянуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Разаков жыйындын жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратурага министрликтин ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш иштерине анализ жүргүзүүнү сунуш кылды.

Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилген - Sputnik Кыргызстан
Баткен: мумияны күнү-түнү кайтарууга мүмкүнчүлүк жок
"Аталган министрлик жакшы көзөмөлгө албагандыктан тарых музейинен 503 экспонат, анын ичинен баалуу металлдар боюнча фондусунда 29 экспонат жок болуп чыкты. Ошондой эле М.В. Фрунзе мемориалдык үй музейинде да 100гө чукул музей буюмдары табылган эмес. Коррупциялык аракеттер негизинен тийиштүү укук-нормативдик актылардын жоктугунан болуп жатат. Так жазылбаган эрежелер коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүүдө", — деп жазылат билдирүүдө.

Жоголгон музей буюмдары боюнча министрлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес, ал тургай тартип коргоо органдарына кайрылган факты жок экени да маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0