БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Памирден келген кыргыздар бүгүн Нарын районунун Куланак айылына жайгаштырылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактык кабарчы билдирди.
Этникалык кыргыздар №86 кесиптик лицейде жашап, билим алышат. Аларды өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, райондун акими Түгөлбай Жанбоев жана жергиликтүү тургундар тосуп алышты.
Белгилей кетсек, 13-октябрда Улуу жана Кичи Памирден 33 адам Нарынга алып келинген. Алардын 16сы өспүрүм, экөө жеткинчек калгандары ата-энелер. Келгенден кийин Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өтүшкөн. Алардын бири Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун алдындагы төрөт үйүндө көз жарып уулду болгон.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.