Атамбаев дагы бир майрам негиздеп, "Ленин" чокусунун атын өзгөрттү

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүПик Ленина на Памире
Пик Ленина на Памире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндөгү Жарлыкка кол койгон

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрь күндөрүн жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо, "Ленин" чокусун "Манас-Ата" зоосу деп өзгөртүү боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин малымат кызматы билдирди.

Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тескей Ала-Тоо кыркасында "Апрель баатырлары" ысымындагы чоку пайда болду
Жарлыктын текстинде белгиленгендей, акыркы жылдары совет мезгилинде кетирилген тарыхый каталарды аңдап түшүнгөн сайын 7-ноябрь өзүнүн мурдагы маанисин жоготуп баратат. Ал эми Россияда бул күн расмий белгиленбейт. "Октябрь революциясы" расмий документтерде "1917-жылдагы октябрь окуялары" деген түшүнүк менен алмаштырылууда. Совет мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар эле "октябрь окуяларына" "Россиянын каргашалуу тажрыйбасы" катары баа берилип, "эбегейсиз жоготуулар", "маданий тажрыйбанын жоготулушу, муундар ортосундагы байланыштардын үзүлүшү", "куугунтуктоолор", "калктын билимдүү катмарынын эмиграциясы", "сүргүнгө айдалгандардын жана кулакка тартылгандардын курмандыктары", "массалык репрессиялар" менен мүнөздөлөт.

Мындан сырткары, ошол жылдары Кыргызстан эли да чоң жоготууларга учураганы белгиленет. 1938-жылдагы Улуттук интеллигенция өкүлдөрүнө, көрүнүктүү чарба кызматкерлерине жана мамлекеттик ишмерлерге карата репрессиялар жаш кыргыз совет республикасынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизгени айтылат.

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине объективдүү тарыхый баа берүү максатында, ошондой эле ата-бабалардын элесине таазим этүү менен токтом кылынат:

1. 7 жана 8-ноябрь жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялансын.

Ата-Бейиттин ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Бейиттин" ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар
2. 7 жана 8-ноябрды жумуш эмес майрам күндөрү деп жарыялоого байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаттарына Эмгек кодексине, ошондой эле 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын жана саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күндөрүнө байланыштуу ЖКнын эскерүү күндөр жөнүндө мурдагы чечимдерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталсын.

3. Өкмөт мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенип 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн кезектеги жылдыгына, Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 100 жылдыгына жана саясий репрессиялардын 80 жылдыгына байланышкан иш-чараларды 2017-жылдын 7, 8-ноябрында өткөрсүн.

4. Жогорку Кеңешинин депутаттарына өкмөт менен өз ара аракеттенүүдө "Ленин" чокусунун аталышын "Манас-Ата зоосу" деп өзгөртүү жөнүндө мыйзам кабыл алуу сунушталсын, анткени бул бүгүнкү күндө Кыргызстан элинин көп кылымдык тарыхы менен бекемделген жападан жалгыз туура чечим болот.

Өкмөт төмөнкүлөрдү камтыган иш-чаралардын планын бекитсин:

1) кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуялар, ата-бабалардын жана тарыхый инсандардын элесине таазим этүү менен байланышкан иш-чараларды улуттук жана жергиликтүү деңгээлде жыл сайын 7 жана 8-ноябрда өткөрүү;

Жеңиш чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң бийик жети чоку
2) 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн жана каргашалуу окуялардын, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларынын, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусунун башка тарыхый этаптарынын тарыхый сабактарын, ошондой эле совет мезгилиндеги өнүгүүнүн мурасын жана ХХ кылымдын 30-жылдарындагы саясий репрессиялардын кесепеттерин изилдөө боюнча илимий изилдөөлөрдү жана илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүгө зарыл каражаттарды бөлүү;

3) Кыргызстандын тарыхын илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын билим берүү мекемелеринин окутуу программаларына чагылдыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири жарыялоо;

4) "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн" жайылтуу боюнча жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин кубаттоо.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0