Атамбаев: кызым чек-арадан өтө албай жүдөп ыйлаптыр

© Фото / Владислав ПоповПрезидент Алмазбек Атамбаев кызы Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаев кызы Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Алия Шагиева кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө көйгөй жаралганын социалдык тармакка жазган болчу

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кызы Алия Шагиева кыргыз-казак чек арасында тоскоолдуктарга тушукканын элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчы Грузиянын элчисине кайрылып түз аба каттамдарын ачуу керектигин билдирди.

"Жакында эле менин кызым чек арадан өтө албай абдан жүдөп ыйлаптыр. Өкмөт ойлонуп, айрым депутаттар болсо өз кызыкчылыктарын унутуп "Ачык асман" түзүүнүн үстүндө иштеши керек. "Манас" аэропорту эл аралык каттамдарды кабыл алууга даяр", — деди Атамбаев.

Ал ошондой эле достук мамиледеги Россиянын арты менен Кыргызстанда авиакеросиндин баасы арзан экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0