Мэрия: жалбырак менен таштанды өрттөгөндөр айыпка жыгылат

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүВторой медиасубботник в Нескучном саду
Второй медиасубботник в Нескучном саду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта шаар тургундарынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жалбырак менен таштанды өрттөгөн шаар тургундары айыпка жыгыла турганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, ушу тапта муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы "Ачык асман" демилгесинин алкагында шаар тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Административдик кодекске ылайык таштанды менен жалбырак өрттөгөн жарандар 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Түшкөн жалбыракты өрттөөдөн адам саламаттыгына зыян келтирген уулуу газ чыгат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия жалбырак же таштанды өрттөлүп жатканын көргөндөр болсо 185 же 65-81-59 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0