Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев маек учурунда

Аялдар адатта сүйгөнүнө, эркек кез келгенине кол салат. Бишкектик психиатрдын маеги

1956
(жаңыланган 10:13 30.10.2017)
Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев ар күнү кылмышкерлер менен бет келет. Анын милдети — алдына келген адамдын акыл-эси жайында же жайында эмес экенин аныктоо.

Кыргызстанда врач-криминалист деген адистик жок экен. Биздин өлкөдө кылмышкердин акыл саламаттыгынын чыңдыгын аныктаган доктурлар тек гана психиатрлар деп аталат. Бирок андан алардын ишинин кызыгы кемип калбайт.

— Азыркы күндөгү абал менен эгемендүүлүккө чейинки көрүнүштөрдө айырма барбы?

— Мурда акыл-эс дартынан азап чеккендер кылмышка азыраак барышчу. Алдаганча аз эле! Мамлекет аларды өз канатына калкалачу. Азыр алар өздөрүнө өздөрү кам көрүүгө мажбур. Тажрыйбамда бир учур болгон – жаран көп суммадагы насыя алып, төлөй албай калат. Аны сотко беришет, ошондо гана карызкордун акыл-эси жайында эмес экендиги анык болот.

— Акыл саламаттыгы чың болбогондор менен иш алып баруудан чочулабайсызбы?

— Жок, дарыгерлерге алар агрессиясын чанда гана көрсөтүшөт. Бейтап доктурду жакын адамы катары санап, андан суроолоруна жооп издейт.

Чындыгында коомдо акыл-эс дартына кабылгандардын баары сөзсүз түрдө кылмышкер деген пикир жашап калган. Алар деле башкалар сымал мыйзам бузушат. Болгону менин бейтаптарым зордуктоо, киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмышка барышат: Ошол себептен алар коомду дүрбөлөңгө салат.

— Педофилдердей эч бир нерсе ызы-чуу жаратпаса керек. Балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдү дарга асуу же бычууга чакырыктар көп айтылат. Сиз андайга макулсузбу?

— Мындай кылмышка аягы суюктугунан, бузулгандыгынан барган адамдарды өзүнчө бөлүп карайлы. Алар сопсоо, акыл-эси жайында. Кандай жазаланышы керектигин мен чече албайм.

Башка бир тарабы бар. Айрым адамдар өз сексуалдуулугун аңдап калган маалда бир окуяга кабылып, алар балдарга кызыга баштайт. Балким, ал киши өз курдаштары тарабынан четке кагылып, көңүлү каршылык көрсөтүүгө күчү жок балдарга бурулат.

Мындайлар алардын кылыгы кылмыш экенин аңдап-билет, айыбын сезип жашайт. Андай адамдар бычууга эмес, дарыланууга муктаж. Алардын эмоционалдык абалын турукташтырып турган дары-дармектер бар. Биз ушундай адамдар менен иш алып барабыз, алардын акыл саламаттыгы бузулушунун алдын алабыз. Коомчулукка көп байкалбаганы менен каттоодо тургандар менен абдан кызуу иш жүрөт.

Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев: жакында киши өлтүргөн бир кылмышкерди экспертизадан өткөрдүк. Ал бир жерден окуп, угуп алган өңдөнөт, акыл-эси соо эмес кишидей көрүнгүсү келди. Бирок биз – доктурлар андайдын айыбын дароо эле ачабыз

— Тасмаларда кылмышкерлер жаза албоо үчүн акылынан айныган адам болуп арамзаланышат эмеспи. Турмушта андайлар болобу?

— Жакында киши өлтүргөн бир кылмышкерди экспертизадан өткөрдүк. Ал бир жерден окуп, угуп алган өңдөнөт, акыл-эси соо эмес кишидей көрүнгүсү келди. Бирок биз – доктурлар андайдын айыбын дароо эле ачабыз.

Кытмырланган кишини оңой эле таанууга болот: жакшы тааныган адамыңдын ордун башка бирөө ээлөөгө аракет кылгандай сезилет. Иштин ыгын билбеген кишиге чыныгы бейтаптын жүрүш-турушу да анткорлонуп, шылдыңдап жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Маселен, маңдайыңыздагы адам өз ысымын унутат же кулагы кайсы жерде экенин көрсөтө албайт. Бул акыл дартынын белгилери.

— Маньяктар менен бет келишкен белеңиз?

— Медицинада "маньяк" деген термин жок, негизи эле бул аталыш натуура. Бирок сурооңузду түшүндүм. Ооба, андайлар болгон. Мисалы, бир киши жөн жерден эле жакын адамы ага жамандык жасоого ниеттенип, чагымчылык жүргүзүүдө деп шектенет. Ачуусун жашырат, өзүн кармоого тырышат, бирок ички сезимдери аны бийлеп алат. Бир күнү ал өзүн көзөмөлдөй албай калат да, эч жамандык каалабаган жакынынан "өч" алат.

— Кылмыш кылууда акылы жайында жана акыл дарты бар адамдардын айырмасы барбы?

— Өз кадамдарына эсеп бере алган акылы соо адам кишини өлтүргүчө жаралайт. Аң-сезими жабыркаган адам курмандыгы эбак каршылык көрсөтпөй калган убакта деле оор залал келтире берет. Эч түшүнүксүз толтура жоруктарды жасайт.

Кээде адамдын эмне кылганы да эсинде калбайт. Анан ага "өз апаңызды өлтүрдүңүз" деп кабарлашат. Бул ага аябагандай чоң стресс болот.

Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев: аялдар негизинен жакындарынын — күйөөлөрүнүн, сүйгөндөрүнүн өмүрүнө кол салышат. Аялдар барган кылмыштар көпчүлүк учурда ашкана же уктоочу бөлмөдө жасалат

— Эркектер менен аялдардын киши өлтүрүшүндө айырмачылык болобу?

— Аялдар негизинен жакындарынын — күйөөлөрүнүн, сүйгөндөрүнүн өмүрүнө кол салышат. Аялдар барган кылмыштар көпчүлүк учурда ашкана же уктоочу бөлмөдө жасалат.

Эркектер киши өлтүрүүгө көбүнесе көчөдө барышат, маселен, мушташ маалында же уурулук кылганда. Алар бир урганда эле курмандыгын башка дүйнөгө узатып коюшу ыктымал. Аялдардын күчү жетпегендиктен, сырттан абдан аеосуз көрүнгөнү менен өтө терең эмес жаралашат.

— Кызыктуу учурлардан бөлүшсөңүз…

— Кызыктуу дей турган учурлар тажрыйбамда аз. Бирок бир бейтабым бар эле. Ичине жылан кирип кеткен деп ойлочу. Эч кимге көрсөтпөй кайырмактын ийнесине эт сайып алып, ичинде соймоңдогон жандык ага илинип, организминен чыгып кетсин деп жута берген.

Ал кезде жашыраак, баео болчумун. Керээли-кечке айтып, ичинде жылан жашап кете албасына ынандыра алсам, ал түшүнчүдөй туюлган. Бир күнү эле: "аябай жаңылган экенмин" деди. Аракетимден майнап чыккан экен деп сүйүнө баштасам, ал: "ийнеге эт сайчумун, ага кемирчек илишим керек болчу тура. Мындайда жылан чыкпайт да!" дебеспи.

Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев: психиатрдын жумушуна талап күч жана абдан зарыл иш. Адамдарды дарылайбыз, сак-саламат адамдар да мындайга кабылбашы үчүн аракет көрөбүз. Бейтаптарыбызга жылуу мамиле жетишсиз — алар деле биздин жарандар эмеспи, унутпоого тийишпиз

— Тааныш адамың психиатрдын көмөгүнө муктаж экендигин кантип билсе болот?

— Адам түнт тартып кетет, көп сүйлөбөй, ишинен же окуусунан кала баштайт. Адаттан тыш жүрүм-турумун байкабай коюу мүмкүн эмес. Азыр артынан бирөө аңдып жүрөт деп жөөлүгөн учурлар да кеңири тараган. Бейтапка ага каршы бир жаман нерсе пландалып жаткандай сезилет. Маселен, кесиптештери кутум уюштуруп жатат деп ойлойт. Жетекчиликтин тынчын алып, кызматтык каттарды биринин аркасынан экинчисин жаза берет.

Өзүн реформатормун деп атагандар да бар — андай бейтап өлкөнүн саясаты же экономикасында бир нерсе өзгөртө алам деген ойго азгырылат.

— Ишиңиз өзүңүзгө эмнеси менен жагат?

— Психиатрдын жумушуна талап күч жана абдан зарыл иш. Адамдарды дарылайбыз, сак-саламат адамдар да мындайга кабылбашы үчүн аракет көрөбүз. Бейтаптарыбызга жылуу мамиле жетишсиз — алар деле биздин жарандар эмеспи, унутпоого тийишпиз.

Педиатр наристелерге, акушерлер көз жара турган аялдарга, хирург операциялык столдогу бейтабына кандай кабатырланса, биз психиатрлар да өз бейтаптарыбызды сыйлайбыз, аларга кам көрөбүз.

1956
Белгилер:
психиатриялык оорукана, оору, Мизирхат Курманалиев
Тема боюнча
Эркектер гана ооруй турган 5 дарт
Кыргызстанда аялдар менен эркектер кайсы ооруга көп чалдыгат
Вице-премьер Аида Исмаилова

Исмаилова: протоколду сактагыла, туура эмес дарылоонун кесепети оор болууда

38
(жаңыланган 15:43 10.07.2020)
Министрлик тарабынан ушул шаршемби күнү үйдө жатып дарылангандар үчүн жаңы клиникалык протокол иштелип чыкты.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Коронавируска чалдыккандарды үй шартында туура эмес дарылоонун кесепетинен абалы оорлошуп кеткендер болууда. Медиктерден кеңеш алып, атайын бекитилген протоколдун негизинде дарылануу зарыл. Бул туурасында социалдык маселелерди тескеген вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ар бир өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылоонун өзүнчө клиникалык протоколун даярдайт. Кыргызстанда мындай протокол акыркы ирет 8-июнда бекиген. Ал эми ушул шаршемби күнү үйдө жатып дарылангандар үчүн жаңы протокол иштелип чыкты.

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Тилекке каршы, үйдө жаткандар ийне сайдырып, асма уколду көп колдонушууда. Туура эмес дарылоодон абалы оорлошуп кеткендер болууда. Алар дексаметазон, эуфиллин жана алардын комбинациясындагы химиялык аралашмалары бар препараттарды колдонушкан. Жарандарга кайрыларым, өзүм билемдик менен дары сатып алып дарыланбаңыздар. Интернетте жана башка булактарда айтылган ыкмаларды колдонбоону сунуштайбыз", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал кыргызстандыктар үчүн клиникалык протоколду алдыңкы адистерден жана окумуштуулардан турган топ иштеп чыкканын кошумчалады.

Мэрия: күндүзгү стационарлардан бейтаптар айыга баштады

"Адистер курч мүнөздөгү вирустук оорулар адамдын гормонун начарлатып, организмдин инфекцияга каршы күрөшүү жөндөмүн алсыратарын айтат. Эгер батыш өлкөлөрүндө коронавирустан улгайган адамдар көбүрөөк каза тапса, биздин өлкөдө жаштарды дагы алып кеткен учурлар аз эмес. Ошондуктан дарыгерлерге клиникалык протоколду так сактоо керектигин эскертебиз. Туура эмес дарылаган медиктер жоопкерчиликке тартылат", — деди вице-премьер.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

38
Белгилер:
медик, протокол, дарылоо, коронавирус, Аида Исмаилова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү
Баткенде COVID жугузуп ооруканадан качып кеткен бейтап эртеси каза болуп калды
Медайым жумуш убагында. Архивдик сүрөт

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

21
(жаңыланган 15:44 10.07.2020)
Буга чейин Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам мекенине кайткан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер бейтаптарга онлайн кеп-кеңеш бере башташат. Бул тууралуу Kyrgyz Club-Germany уюмунун төрагасы, врач Бакыт Көбегенов билдирди.

Анын айтымында, учурда Европада иштеген ак халатчандардын тизмеси такталууда.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

"Бул демилгени Германиядагы бир катар кесиптештерибиз көтөрүп чыкты. Биз Кыргызстандагы дарыгерлерди колдоо максатында мекендештерибизге онлайн кеп-кеңештерди беребиз. Азыр кайсы интернет-платформаны колдоно тургандыгыбызды тактап жатабыз. Буюрса, бул ишке Европанын башка өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык ак халатчандарды да тартабыз", — деди дарыгер.

Көбегенов учурда Германиядагы ооруканалардын биринде хирургия бөлүмүнүн улук дарыгери, Куткаруу кызматында жетектөөчү врач болуп эмгектенет.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

21
Белгилер:
пневмония, коронавирус, кеңеш, Германия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт
Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди