Президент Атамбаев көчүп келген Памир кыргыздарына 1,6 млн. сом бөлдү

Жазылуу
Көчүп келген ар бир кыргызга 50 миң сомдон берилет

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен келген этникалык кыргыздарга материалдык жардам иретинде 1 миллион 650 миң сом бөлдү.

Переселение памирских кыргызов в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Нарынга алып келинген Памир кыргыздарынын төртөөнөн жүрөк кемтиги табылды
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча көчүп келген ар бир кыргызга 50 миң сомдон берилет.

Эскерте кетсек, 11-октябрь күнү Улуу жана Кичи Памирден 33 этникалык кыргыз көчүрүлүп келген. Баары Нарын шаарында карантинден өтүп, учурда Куланак айылына жайгашышты. Памирликтердин арасындагы кош бойлуу Жанбүбү Маматзайым кызы 21-октябрда Бишкекте көз жарып, уулунун атын өлкө башчынын урматына Алмазбек атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0