БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарынын айдоочулук күбөлүгүн Россияда колдонууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоору сунушталганын Мамдуманын эмгек, социалдык саясат жана ардагер иштери боюнча комитетинин төрагасы, ЛДПР фракциясынын жетекчи орун басары Ярослав Нилов билдирди.
Ал Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн жарыялоо боюнча мыйзамга өз пикирин айтты.
"Аныгында Россия империясына каршы көтөрүлүү күнүн улуттук майрам кылып, биз тарапка саясый достук эмес мамиле кылып койду. Баарына белгилүү болгондой Россия Федерациясы Советтер Союзунун мураскору, ал эми СССР өз учурунда Россия Империясынын мураскору", — деген Ниловдун пикири партиянын сайтына жарыяланды.
Нилов ошондой эле Россия империясына каршы туруу күнүн майрам деп жарыялоо ачыктан-ачык Россияга каршы аракет катары сыпаттоого болоорун кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 7-8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Бир катар ЖМКлар ЛДПР фракциясынын өкүлү Игорь Лебедевдин "кыргыздар Россияга каршы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн улуттук майрам деп кабыл алды. Буга байланыштуу кыргыздар мындан ары Россиянын айдоочулук күбөлүгүн сынак тапшырып алсын" деген пикирин жарыялаган. Өз кезегинде КР президентинин аппараты Лебедевге документти биринчи кунт коюп окуп чыксын деген кеңеш берген.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Алардын айтымында, Исмаилова эртең, 26-январь саат 09:30га, ал эми Өмүрбекова саат 15:00гө чакырылды. Финпол азырынча комментарий бере элек.
Ушул иш боюнча буга чейин өкмөттүн мурунку башчысы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылганын айткан.
Андан мурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев пандемия маалында адамдардын массалык түрдө каза болушуна премьер-министрлер жана вице-премьерлер жооп берерин айткан. Ошондой эле ал медикаменттер, жеке коргонуу каражаттары, тез жардам унаалары кымбат баада алынгандыгы териштирилип жатканын кошумчалаган.