Кымбат унааны ойноштор алып бербейт. Айдоочу аялдардын кыжырына тийген 4 учур

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүОткрытие первого автосалона компании Marussia Motors
Открытие первого автосалона компании Marussia Motors - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik жекшемби сайын ар кайсы кесип же өнөр ээлеринин жинине тийген учурлар жөнүндө жазууну салтка айландырып алган.

Көпчүлүк эркектер айдоочу аялдарды колуна граната кармап алган маймылга теңеп, рулду кыз-келиндерге ишене бербейт.

Ал эми унаа айдаган айымдардын кыжырына эмнелер жана кимдер тиет? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан билип көрдү.

Жөө адамдар

Жолдо жөө адамдар өтчү сызыктан тез-тез басып кеткен кишилерди бетинен беш жолу өпкүң келет. Элдин баары силердей болсо кана? Ал эми өзү туура эмес жерден өтүп баратканы аз келгенсип, айдоочуну жеп ийчүдөй көздөрү менен карагандар аман эле болушсун.

Кайгуул милициясы

Жөө адамды өткөрбөй кеткеним үчүн токтотуп алып, айып төлө деген милиционерлерге таңкалам. Жол эрежелери боюнча нускамада эгер мен жөө адамдын бара жаткан багытын бузбасам, күнөөлүү деп эсептелбешим керектиги жазылган.

Ошол себептүү "Мен өз укуктарымды билем" десем, Кайгуул милиция кызматкерлери таңкалып туруп калышат.

Күмөн санагандар

Кымбатыраак унаанын рулунда бара жаткан аялды көргөндө "ойношу алып берди да" деген бузук ойлор болоорун билем. Өз унаамды өзүм иштеп тапкан акчага сатып алгам. Жаман ойлогонду токтоткула!

Өзүмчүлдөр

Карама-каршы тилке менен жүргөндөр, жанындагыларды качыра айдагандар, сигнал басканды жакшы көргөндөр — жолдо жалгыз эле силер жүргөн жоксуңар го. Өз коопсуздугуңарды ойлобосоңор дагы башкаларды сыйлагыла да.

Жаңылыктар түрмөгү
0