Бишкекте жоголгон окуучу табылды. Ал мектептен куулганына ызаланып кетип калган

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүОткрытие Университетской гимназии МГУ
Открытие Университетской гимназии МГУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучу 26-октябрда мугалимдердин кеңешинен чыккандай кийин кабарын билдирбей кеткен

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкекте дайынсыз жоголгон мектеп окуучусу үч күндөн кийин табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын таежеси билдирди.

Ал Бишкек шаарындагы №32 мектепте 9-класста окучу. Өспүрүм 26-октябрь күнү саат 18.00дөн бери дайынсыз болуп жаткан.

Таежесинин айтымында, бала мектепте жакшы окуп, класстын президенти болгон. Мугалимдердин соңку чогулушунда анын окуусу начарлап кеткени боюнча маселе коюлуп, мектептен чыгарып салышкан. Андан кийин ал кабарсыз жоголуп кеткен.

"Баланы классташтары жана милиция издеди. Көрсө ал эки күн борбордук мечитте түнөптүр. Апасы экөө калаадагы химиялык ишкананын аймагында жашайт. Мечиттен кийин ал ошол ишкананын чатырына түнөөгө барыптыр. Ошол жерден аны кечээ, кечки саат 22.00дөрдө таба алдык", — деди таежеси.

Ученики не приходят на уроки в Сузаке - Sputnik Кыргызстан
Сузакта айрым мектептин окуучулары жаңгак терип кетип, сабак үзгүлтүккө учуроодо
Өспүрүм аман-эсен, абалы жакшы. Дайынсыз кеткен себебин мугалимдер кеңеши аны мектептен чыгарып койгонуна ызаланып шок абалында ушундай кадамга барганы менен түшүндүрдү.

"Бала аябай арданып жатат. Бизге "мен баарынан жаманмынбы, эмнеге жалгыз мени окуудан чыгарып салышты?" деп жатат. Шок абалында болгон. Кайра мектепке баргысы келбей калды. Азыр психологго баралы деп даярданып жатабыз", — деди баланын тежеси.

Ошондой эле ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясы баланын табылганы боюнча маалыматты тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0