Кыргызстанда жаштар үчүн жаңы сайт ачылууда

Жазылуу
Сайт башкалардан билим берүүчү жана көңүл ачуучу контенттин бирдейлиги менен айырмаланат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 1-ноябрда жаштар үчүн жаңы teens.kg сайтынын бет ачары болот.

Телефон кармап турган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак колдонуучуларына карата 6 "болбойт"
Teens.kg — жаштар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык маанидеги долбоор. Сайт башкалардан билим берүүчү жана көңүл ачуучу контенттин бирдейлиги менен айырмаланат. Анда жаштарды көп кызыктырган ден соолук, сүйүү, мамиле сыяктуу нерселерге жооптор бар.

Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ВИЧ/СПИД программасы жана БУУнун билим берүү, илим жана маданият маселелери (ЮНЕСКО) программасынын көмөгү менен ишке ашкан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги иш-чаранын медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0