Бишкекке арстандын күчүгүн кайдан алып келишкен? Сүрөттөр

© Sputnik / Дмитрий Степанов / Медиабанкка өтүүЖолборстун күчүгү. Архив
Жолборстун күчүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучулары мойнуна каргы тагылып, көчөдө жүргөн бул кичинекей жаныбар туурасында жазышты

БИШКЕК, 30-окт — Sputnik. Борбор калаанын көчөсүндө жаш жигит арстандан күчүгүн мойнуна каргы тагып жетелеп алып, элге аны менен акча төлөп сүрөткө түшүүнү сунуштап жүрөт. Бул туурасында окуяга күбө болгон адамдар Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты.

Бабочки-колибри - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте колибри чымчыгы учуп жүрөбү? Күбөнүн видеосу
"Ишкер" жапайы жаныбар менен сүрөткө түшүүнүн акысы 200 сом деп белгилеп алган.

Күбөнүн айтымында, 29-октябрь күнү арстандын күчүгүн жетелегендерди Бишкектин эки жеринен көрүшкөн. Биринчи ирет түшкү саат бирлер чамасында Айтматов көчөсүндөгү ири соода жайынын алдынан байкашкан. Экинчи ирет болжол менен үч сааттан кийин Москва — Шопоков көчөлөрүндөгү "Ак эмир" базарынын жанынан көрүшкөн. Окуянын күбөсү кичинекей жаныбарды жетелеген жаш жигит ушул аймакта жашайт деген божомолун жазган.

Ал эми шаардын дагы бир тургуну арстандын күчүгү сатылып кеткендигин билдирген.

"Алар арстандын күчүгүн төрт миң долларга сатып жиберишкенин, бирок аны кайдан алып, кимге соодалаганын айтышкан жок", — деген окуянын күбөсү.

Ал арада социалдык тармактар менен ЖМКларга элдин кичинекей жырткыч менен түшкөн сүрөттөрү жарыяланып кетти.

Бир катарларды бул алсыз жаныбар Кыргызстанга кайдан келип калган деген суроолорду узатышкан.

"Бооруң ооруйт экен. Байкуш жаныбар көчөдө жетеленип, сүрөткө түшүү үчүн жаралган эмес да. Муну кайдан алып келишти экен", — деп жазган Facebook тармагына Нигина Ташматова.

"Бугу-Эне" коомдук фондусунун президенти Салтанат Сеитова комментарийлердин бирине бул жаныбар аткезчилик ыкма менен Тажикстандан же Өзбекстандын алып келинген болуу керек деген пикирин жазган.

Кичинекей жырткычтын кожоюндары да, тартип коргоо органдары да азырынча бул окуя боюнча үн ката элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0