Кендирбаева: 9 тойго барган ата-эне баласына 9 мүнөт көңүл бөлбөйт

© Sputnik / Эмиль Садыров"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда
Роза Отунбаеванын демилгеси эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайлоодо бала бакча ачып, кичинекей балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө аракет кылган инсандар коомубузда жок эмес. Алардын бири "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аны менен келечек муунду тарбиялоо жөнүндө маек курду.

© Sputnik / Табылды КадырбековРоза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева
Директор фонда Инициатива Розы Отунбаевой Догдуркуль Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева

— Коомчулукта балдарды тарбиялоодо кандай кемчиликтерди байкайсыз?

Сооронбай Жээнбековдун окуучулук убагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орусчаны үйрөнүп, волейболду катыра ойногон. Айылдаштары Сооронбай Жээнбеков жөнүндө
— Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ата-энелер балдарынын колуна планшет, смартфондорду карматып коет. Эртеден кечке санариптик экранды тиктеген бала ата-эненин мээриминен куру калат. Экинчиден, коомчулукта бала бакчалар акысыз болуп, мамлекет колдоо көрсөтүшү керек деген ой калыптанып калган. Бирок алар акча берип малын деле бактырып жатышпайбы. Тогуз тойго барган ата-эне баласы менен тогуз мүнөт баарлашпайт. Заңгыраган чоң үй салса, ичинде кичинекей китеп бурчу жок.

— Бир чети элдин жашоо-шарты жакшырып, балдарына инвестиция жасаган ата-энелердин деле саны көбөйүп калса керек.

— Ооба, үйрөнүп жатышат, бирок жакшы мектепке же бала бакчага берип койсом эле болду деп ойлоп жатышпайбы. Мисалы, жаңы конуштагы үй-бүлөлөр кандай гана жол менен болбосун, балдарын Бишкектеги мыкты мектептерге берип, маселе толугу менен чечилгендей элестетишет. Бирок балага бул нерсе жетишсиз, аларды мээрим менен шыктандыруу керек. Себеби эч бир мекеме энени алмаштыра албайт. Бала бакча менен мектеп баланы толук кандуу өнүктүрөт деген — миф. Аны шыктандырып, кошо ойноп, чогуу китеп окусаңыз бала сизден үлгү алат. Ошентип турмуштук жүрүм-турумдар эрте калыптанат. Анан 14-15 жаштагы балабызды, кээде 60 жаштагы күйөөбүздү түздөгүбүз келет. Биз эчак кечиккенбиз.

© Фото / МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой"Жайлоодогу бала бакчада тарбияланган жеткинчектер
Жайлоодогу бала бакчада тарбияланган жеткинчектер - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жайлоодогу бала бакчада тарбияланган жеткинчектер
© Фото / МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой"Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасалат
Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасалат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасалат
© Фото / МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой"Бири-бири менен сүйлөшүп, элге аралашан наристелер үчүн бала бакчанын ролу чоң
Бири-бири менен сүйлөшүп, элге аралашан наристелер үчүн бала бакчанын ролу чоң - Sputnik Кыргызстан
3/4
Бири-бири менен сүйлөшүп, элге аралашан наристелер үчүн бала бакчанын ролу чоң
© Фото / МОФ "Инициатива Розы Отунбаевой"Балдар менен кыргыздын белгилүү өнөрпоздору да иштейт
Балдар менен кыргыздын белгилүү өнөрпоздору да иштейт - Sputnik Кыргызстан
4/4
Балдар менен кыргыздын белгилүү өнөрпоздору да иштейт
1/4
Жайлоодогу бала бакчада тарбияланган жеткинчектер
2/4
Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасалат
3/4
Бири-бири менен сүйлөшүп, элге аралашан наристелер үчүн бала бакчанын ролу чоң
4/4
Балдар менен кыргыздын белгилүү өнөрпоздору да иштейт

— Баланы тарбиялоодо каржынын жоктугу же аздыгы тоскоолдук болушу керекпи?

— Эч убакта андай болбошу керек. Мисалы, мен бир апаны билем. Төрт баласын пол жууп иштеп тапкан акчасына багып, тарбиялап келет. Кайда барба балдарын сынактарга, майрамдарга жетелеп жүргөнүн көрөсүң. Андыктан бул нерсе ата-эненин эркине байланыштуу. Бала өнөрү, жөндөмү жок төрөлүп, тарбияга жараша чоңоет.

— Жайлоо бала бакчалары боюнча иш алып барып аймактарда иштеп жүрөсүздөр, сизди таң калтырган окуялар көп болсо керек?

Эгиз балдарды көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү жана жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? 7 суроого жооп
— Эки жыл мурун Ала-Бука районунун Биринчи Май айылында мени сүйүндүргөн окуя болду. Биз жаңы китептерди сатып алып, жайлоодогу бала бакчага барганбыз. Ал жакта бир кичинекей кыз эч нерсеге көңүл бурбай быдылдап эле китептерди кармалап отурган. Анан мен аябай таң калып апасына "китептер кызыңызга аябай жагып калыптыр" деп айтсам, апасы ыйлап жиберди. Көрсө анын кызы төрт жашка чыккыча сүйлөй албай жүрүп, бала бакчага келгенден кийин эки жумада сүйлөп кетиптир. Ал жерде логопед жок, бийик тоолуу аймак дегендей, бала сүйлөшпөсө тили чыкпай калат. Тиги кичинекей кыз балдар менен ойноп жүрүп сүйлөй баштаптыр.

© Sputnik / Табылды Кадырбековендирбаева: бала өнөрү, жөндөмү жок төрөлүп, тарбияга жараша чоңоет
Директор фонда Инициатива Розы Отунбаевой Догдуркуль Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан
ендирбаева: бала өнөрү, жөндөмү жок төрөлүп, тарбияга жараша чоңоет

— Чет өлкөлөргө чыгып жүрөсүздөр, бул багытта башка мамлекеттерден кандай тажрыйба алышыбыз керек?

— Илим-изилдөө боюнча көпчүлүк өлкөлөр бир топ алдыга озуп кетти. Аларда бүтүндөй окуу методикасы жаш өзгөчөлүккө жараша даярдалат. Бизде болсо 1-класстан жогорку класстагы окуучуларга чейин элдик жомоктор эч бир сүрөтү жок кара сөз менен окутулуп келет. Ошондой эле балдарды тарбиялоо боюнча мисал айтсам, Японияда эне баласын төрт жашка чыгарбай жумушка чыкса таң калышат. Ал жакта тарбияга өзгөчө мамиле жасалат. Кыскасы, өнүккөн өлкөлөрдөн үйрөнө турган нерселер көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0