Алматы Ала-Тоонун айран-сүтүн сагынганда... Казакстандыктардын пикири

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота полевой молочной фермы СПК "Ташкиново"
Работа полевой молочной фермы СПК Ташкиново - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга товар эскпорттоо оорлоп, айрымдары эреже бузду деген жүйө менен артка кайтарылууда. Мындан улам Кыргызстандан өндүрүлгөн азык-түлүктөр Алматынын базарларына кирбей калганы айтылууда.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасы боюнча быйылкы жылдын 7 айында (январь-июль) кыргызстандык ишкерлер Казакстанга 166 миллион долларлык товар сатууга үлгүргөн. Анын негизгилери сейрек кездешчү металлдардын концентраты, кийим-кече, сүт азыктары, жашылча жана жемиштер.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй... ЕАЭБ Казакстандын айынан 1 млрд. доллар жоготтубу?
Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга товар экспорттоо бир топ оорлой түштү. Өткөрмө бекетинде суткалап кезек күткөн жүк ташуучу унаалар жүздөп саналат. Ошол эле учурда эреже бузду деген жүйө менен азык-түлүктөрдү артка кайтарган учурлар да кездешет.

Ал арада Алматынын базарларына кыргызстандык азык-түлүктөр кирбей калганын жергиликтүү тургундар социалдык тармак аркылуу кабарлашууда.

Алматыда Курмангазы атындагы казак улуттук консерваториясында маалыматтык камсыздоо боюнча менеджер болуп иштеген Мадина Аешева дүкөндөрдө кыргызстандык азык-түлүктөрдүн жоктугуна өзү күбө болгонун айтты.

"Мындан эки-үч күн мурун "Рамстор" жана "Магнум" соода борборлоруна барып, чынында Кыргызстандын продукциялары жок экенин көрдүм. Анын ордуна жергиликтүү жана Россиядан чыгарылган продукциялар коюлуптур. Бул жакта Кыргызстандын сүт азыктары даамы жагынан башкалардын айырмалынып тургандыктан ага суроо-талап жогору болчу. "Алтын-Ордо" базарында дагы кыргызстандык жемиштер сатылбай жатыптыр. Алматылыктар Ысык-Көлдүн алмаларына суктанып жешчү. Бирок азык-түлүккө болгон тартыштык байкалбайт", — деди Аешева.

Мындан беш күн мурун алматылык Эдуард Полетаев базарга барып өзүнө жаккан сырды таппай келгенин Facebook баракчасына жазды.

"Сары-Арка" базарында жана "Магнум" ири дүкөнүндө кыргызстандык компания өндүргөн сүт, айран жана каймактар сатылбай калыптыр. Андан тышкары, базардан Кыргызстандан импорттолгон колбаса сыры жоголгон. Ал аябай даамдуу жана сапаттуу болчу. Ал эми "Метро" дүкөнүнөн кыргызстандык ширеден башка азыктарды көрө албадым", — деп жазган Полетаев.

Ал эми Наталья Садыкова аттуу колдонуучу Кыргызстандан импорттолгон 127 килограмм сырдын жок кылынганын жазган. Минте берсек Кыргызстан өндүргөн товарлары үчүн жаңы рынок таап кетиши мүмкүн деген оюн билдирген. 

Ошондой эле Аинура Каидарова ишкерлердин эмгегине күйүп жазган. "Көзгө сайган чындык үчүн ишкерлер жабыркап жатат. Мен мындай өлкөнү мындан ары тааныбайм!" — деп жазган ал.

Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шампунь, ун жана маргарин. Кыргызстан Казакстандан кайсы товарларды көп алат
Белгилей кетсек, буга чейин 10-17-октябрь күндөрү жүргүзүлгөн пландык операциянын алкагында талапка жооп бербейт деген жүйө менен 202 тонна жемиш артка кайтарылган. Ошол эле учурда сүт өндүргөн кыргызстандык беш ишканага товарын Казакстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынган. Ал эми 29-октябрда ЕАЭБ менен Казакстандын мыйзамдарын бузду деген негиз менен казак тарап 479,6 тонна азык-түлүктү Кыргызстанга кайта кайтарганы маалымдалды

Кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0