Памир кыргыздары окутула баштады. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиУлуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта кандаштар кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өздөштүрүп жатат

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиУлуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиАга ылайык, этникалык кыргыздарга Нарындан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө
Ага ылайык, этникалык кыргыздарга Нарындан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ага ылайык, этникалык кыргыздарга Нарындан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө
© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиОкуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда.
Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда.
1/3
Улуу жана Кичи Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар билим ала баштаганын өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады
2/3
Ага ылайык, этникалык кыргыздарга Нарындан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө
3/3
Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда.

Ага ылайык, этникалык кыргыздарга Нарындан Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери сабак берүүдө.

"Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума күндөрү 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Памир кыргыздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев көчүп келген Памир кыргыздарына 1,6 млн. сом бөлдү
Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиеванын маалыматында окуучулардын айрымдары фарси тилинде окуп, жазганды билет. Ушу тапта кандаштар кыргыз тилинин жазуу эрежелерин өздөштүрүп жатат. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишсе, кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.

Эскерте кетсек, Афганистандын Улуу жана Кичи Памирин жердеген кыргыздардан 33 киши 11-октябрь күнү Кыргызстанга көчүрүлүп келип, Куланак айылына жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0