Талас шаарындагы митингчилер. Архив

Таласта митинг өтүп жатат. Тексттик трансляция

2428
(жаңыланган 17:01 03.11.2017)
Талас шаарынын борбордук аянтына тынчтык митингин өткөрүү үчүн эл чогулуп жатат

Буга чейин таластык аксакалдар Бишкекке келип, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы митингге чыккандарды Абыке, Көбөштүн тукумдары деп атаганы үчүн элден кечирим сурасын деген талап коюшкан. Ал эми 29-октябрда Талас шаарынын облустук администрациясынын алдына эл чогулуп, резолюция кабыл алынган. Анда бийликке үч талап коюлган.

Жаңы билдирүү
  • 16:39

    Эл аянттан тарап кетти

    Митингчилер үйлөрүнө тарашты. Ал эми 7-ноябрда кайрадан чогулуу сунушун айрымдар колдосо, көпчүлүк каршы чыкты. Алар "кайра-кайра чогулуудан эмне чечилмек эле" деген ойлорун билдирүү менен Талас эли үчүн кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдүн чечилиши маанилүү болуп жатканын белгилешти. 

    Площадь в центре Таласа после акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • 16:27

    Топтолгон эл 9-ноябрда Бишкекке келүүдөн баш тартып жатат. Алар борбор калаага жетүү үчүн чыгым тартышарын айтып, маселени Талас шаарынан эле чечүүнү сунушташты. 

  • 16:06

    Митинг уланууда

    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • 15:44
  • 15:17

    Жарандар өздөрү микрофон алып келип сүйлөп жатышат 

  • 15:13

    Күбөнүн билдиргенине караганда, митингчилердин саны миңден ашканы менен айрымдары тарай баштады. Жаш балдардын көбү базар тарапты көздөй жөнөдү. Калган эл топтошуп, бири-бири менен пикир алышып жатышат. 

  • 14:50

    Элдин алдына облус жетекчисинин биринчи орун басары чыкты

    Талас облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов элдин алдына чыгып, митингчилерди тынчтыкка чакырууда.  

  • 14:46

    Күбөнүн айтымында, митингчилердин арасында мас абалындагы адамдар бар

    Күбө: тилекке каршы, тынчтык митингине чогулгандар арасында мас абалындагы адамдар дагы болуп жатат. Алар провокация кылууга аракет жасашууда. 

  • 14:16
  • 14:03

    Митингчилер 9-ноябрда Бишкекке келишерин билдиришти

    Борбор калаага келип митинг өткөрүү үчүн облустук администрацияга транспорт уюштуруп берүү талабын коюшууда.  

    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • 13:36
  • 13:18

    Милициянын маалыматы

    Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, облустук администрациянын алдына 200дөй киши чогулган. Максаты — тынчтык митингин өткөрүү. Аталган жерге облустук милиция жетекчилиги башында турган топ барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абал тынч. 

  • 13:16

    Милиция кызматкерлери унаалары менен келген кезде эл аларды көздөй чуркады. Бирок айрым митингчилер милиция кызматкерлери дагы кыргыздын уулдары экенин жана алар өз милдеттерин аткарып жатканын айтышып, элди провокацияга алдырбоого чакырышты. 

  • 13:01

    Эл микрофон сатып алуу үчүн акча чогултуп жатышат 

  • 12:51

    Кыргыз-казак чек арасы жабылганына байланыштуу көмүрдүн баасы кымбаттап кеткенин катышуучулар белгилеп жатат. 

  • 12:47

    Жарандар тынчтык митингин өткөрүү үчүн облус жетекчилигинен аппаратура орнотуп берүүсүн талап кылып, 20 мүнөт убакыт беришти. 

    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • 12:43

    Митингге келген аксакалдар Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоодон кийин митингге чыккандарды Абыке, Көбөштүн тукумдары деп атаганы үчүн элден кечирим суроосун жана кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүү талабын коюшууда.  

  • 12:37
    Люди на акции протеста в городе Талас
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • 12:33

    Эл кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүү талабын коюшууда 

  • 12:29

    Талас шаарында тынчтык митингин өткөрүү үчүн эл чогулуп жатат

2428
Белгилер:
митинг, кечирим, Талас
Тема:
Президенттик шайлоодон кийинки Таластагы абал (14)