Кеминдин акимиаты чек арада турган айдоочуларга ысык тамак таратты

© Фото / Айгуль КурманалиеваОчередь на КПП "Ак-Тилек"
Очередь на КПП Ак-Тилек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулар тамактанган пункттарга көмүр да түшүрүлгөн

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы "Ак-Тилек" өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак уюштурду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине райондук администрация башчысынын орун басары Айгүл Курманалиева билдирди. 

© Фото / Айгуль КурманалиеваКемин райондук мамлекеттик администрациясы "Ак-Тилек" өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак уюштурду
Очереди на КПП Ак-Тилек - Sputnik Кыргызстан
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы "Ак-Тилек" өткөрүү бекетиндеги жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына ысык тамак уюштурду

"Учурда аталган көзөмөл өткөрүү бекетинде 380дей унаа кезек күтүп турат. Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен айдоочуларга палоо, салат жана суусундуктары менен таратылды", — деди Зарылбекова.

ӨКМ чек арада кезек күткөн 750 айдоочуга тамак-аш таратты. Видео - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ чек арада кезек күткөн 750 айдоочуга тамак-аш таратты. Видео
Ал ошондой эле айдоочулар тамактанган пункттарга көмүр түшүрүлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган айдоочуларга тамак уюштуруу үчүн бир миллион сом бөлгөн

Белгилей кетсек, эки мамлекеттин чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрдан тарта жаралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0