Жалал-Абаддын Сузак районунда кулпунайдын акыркы терими жыйналууда

20 сотых жерден 200 миң таптым. Сузактын дыйкандары кулпунай бизнеси тууралуу

538
(жаңыланган 09:32 06.11.2017)
Кулпунайдын түшүмүн май айынан баштап кар түшкөнгө чейин алууга болот

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда кулпунайдын акыркы терими жыйналууда. Дыйкандардын айтымында, бул жемиш май айынан баштап кар түшкөнгө чейин мөмө берет. Ошол эле учурда башка жемиштерге салыштырмалуу кирешелүүлүгү менен айырмаланат. Учурда кулпунайдын бир килограммы 100 сомдон баштап сатылууда.

  • Жалал-Абаддын Сузак районунда кулпунайдын акыркы терими жыйналууда
    Жалал-Абаддын Сузак районунда кулпунайдын акыркы терими жыйналууда
    © Sputnik
  • Дыйкандардын айтымында, бул жемиш май айынан баштап кар түшкөнгө чейин мөмө берет
    Дыйкандардын айтымында, бул жемиш май айынан баштап кар түшкөнгө чейин мөмө берет
    © Sputnik
  • Ошол эле учурда башка жемиштерге салыштырмалуу кирешелүүлүгү менен айырмаланат
    Ошол эле учурда башка жемиштерге салыштырмалуу кирешелүүлүгү менен айырмаланат
    © Sputnik
  • Учурда кулпунайдын бир килограммы 100 сомдон баштап сатылууда.
    Учурда кулпунайдын бир килограммы 100 сомдон баштап сатылууда.
    © Sputnik
1 / 4
© Sputnik
Жалал-Абаддын Сузак районунда кулпунайдын акыркы терими жыйналууда

Айыл туругуну Калыс Жумабаева 20 сотых жерге кулпунай экен.

"Кулпунай түшүмдү мол берген жемиштердин катарына кирет. Май айынан тарта мөмө байлап, ар бир эки жума сайын терип сатып жатабыз. Анан башка жемиштерге окшоп жыл сайын эге бербейсин. Бир жолу эксең беш жыл түшүм берет. Киреше жагы жакшы болуп 200 миңге чейин пайда көрүп жатабыз", — деди Жумабаева.

Дыйкандар мөмөлөрүн базарга алып барып убаракерчилик тартышпайт. Эгин талаасы жолдун боюнда болгондуктан ордунан эле сата беришет.

"Июнь-май айларында ишкерлер бизден дүңүнөн сатып алып Бишкекке алып кетишет. Жолдон ары-бери өткөндөр кыям жасоо үчүн алышат. Жайында 60-70 сомдон сатсак, азыр 100 сомдон болууда. Жайкы күндүн ысыгында бышкан кулпунайга караганда кеч күздөгүлөрүнүн даамы жакшы болот", — деп дыйкан Алтынбек Акбалиев билдирди.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн агро өнөр жай секторунун башчысы Нурбек Жээналиевдин билдиришинче, бул жылы облус боюнча 9 миң гектар жерге мөмө жемиштин түрлөрү эгилген.

"Сузактын Атабеков, Барпы жана Ырыс айыл өкмөттөрүндө кулпунай көп эгиле баштады. БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк деген программасынын алкагында бул аймактарга плантация катары эгилип практика жүргүзүлүүдө", — деди Жээналиев.

Ошондой эл ал кийинки жылдан тартып кулпунай талааларынын аянты дагы кенейиши болжолдонуп жатканып кошумчалады.

538
Белгилер:
дыйкан, жашылча-жемиш, сатуу, кулпунай, Сузак району
Тема боюнча
Ат-Башыга дарбыз, анделек өстүргөн Үркүнчиев: эми жемиш бактарын көбөйтөм
Кыргызстанда биринчи жолу күнөсканада дарбыз бышты. Адис менен маек
Британиядагы ишин таштап Кыргызстанга келген мекендеш күнөскана ишин колго алды
Коронавируска тест жасап жаткан медицина кызматкери

Ааламда коронавирус жуктургандардын саны 6 миллиондон ашты

8
(жаңыланган 12:10 31.05.2020)
Пандемия башталгандан бери жер жүзүндө 369,1 миң адам көз жумду. Коронавирус жуктурган жана каза тапкан мамлекеттердин сап башында Америка турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 6 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтында жазылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы жонунан вируска кабылгандардын саны 6 миллион 60 миң кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери 369,1 миң адам көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча АКШда инфекциянын эң көп учуру аныкталды, ал жакта ооругандардын саны 1,7 миллиондон ашат. Экинчи орунда Бразилия турат, жуктургандарды саны 498 миңден көп. Үчүнчү сапта Россия, ал мамлекетте вирустун 396,5 миң учуру катталган.

Коронавирустан каза тапкандар боюнча дагы Америка алдыга чыкты. Өлкөдө 103,781 адам көз жумган.

8
Белгилер:
өлүм, жуктуруу, коронавирус, Дүйнө
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
Гүл кармап турган адам. Архив

Улуттук сүрөт өнөрүн көтөргөн Кыргыз эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды

10
Баатыр Жалиевдин чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 85 жаш курагында живописчи, график, КР эл сүрөтчүсү Баатыр Жалиев дүйнө салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирип, ага жазылган некрологду жарыялады.

Жалиевдин чыгармачылыгы өнөр жай жана айыл чарба темасына арналган. Ал өлкөдөгү эпкиндүү курулуштарды, элет жерлериндеги өзгөрүүлөрдү көркөм чагылдырып, мезгилдин кеңири полотносун жараткан. Сүрөтчүнүн "Өнөр жайлуу Ош" (1966), "Ош курулуп жатат" (1972), "Хайдаркан комбинаты", (1974) аттуу чыгармалары түштүк жергесиндеги кубаттуу ишканаларда иштеп жаткан жумушчуларды, алардын эмгегин, көркөм образын жаратып, кыргыз жумушчуларынын эсте каларлык галереясын түзгөн. Жанрлуу-портреттүү "Тогуз коргоол" (1974) чыгармасы Баатыр Жалиевдин чыгармачылык чоң жетишкендиги болуп эсептелет.

Баатыр Жалиевдин көркөм сүрөттөрү республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып, байгелүү орундарга арзыган. Сүрөтчүнүн чыгармалары Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринин алтын фондунда сакталып турат.

Сүрөтчү көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Жалиев графика жаатында мыкты картиналардын циклин жаратты. Сүрөтчүнүн дүйнө таанымы, көркөм эстетикалык чабыты, терең философиясы анын кыл калеми аркылуу кеңири чагылдырылган. Ал кыргыз интеллигенциясынын эсте каларлык көркөм образдарын жаратып, улуттук сүрөт өнөрүн бийик деңгээлге көтөргөн.

Сүрөтчүнүн көп жылдык изденүүсү аркылуу улуттук сүрөт маданиятында "Сизизм" көркөм формасы жана агымы жаралган. Бул агымдын негиз салуучусу катары улуттук сүрөт өнөрүнө жаңы дем кошуп, өзүнүн сүрөтчүлүк "мектебин" жараткан. Сүрөтчүнүн эмгектери учурда өзүнүн үй-музейинен орун алган. Баатыр Жалиевдин өз демилгеси менен негиздеген үй-музейи 2012-жылдан бери иштеп келет.

Баатыр Жалиевдин сүрөтчүлүк таланты жогору бааланып, "Эмгектеги артыкчылык" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ага КР эл сүрөтчүсү ардактуу наамы ыйгарылган.

Баатыр Жалиевдин тажиясы 2020-жылдын 31-майында Ош шаарында өтөт.

10
Белгилер:
Баатыр Жалиев, чыгармачылык, өмүр баян, өлүм, сүрөтчү
Тема боюнча
Таланттуу опера ырчысы Сагибжамал Ходжибекова көз жумду. Некролог
UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бир тууган эжесин Антонина менен. Архив

Ыңгайсыз болуп турам. Валентина эжеси Антонинаны колдогон сөздөрүн жазды

0
Антонина сиңдиси Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралында кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп алган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы (57 кг) чемпиону Валентина Шевченко UFC on ESPN 9 турниринде Кэтлин Чукагянга утулган эжеси Антонинаны колдоого алды. Ал билдирүүсүн Twitter-аккауна жазды.

Бүгүн эртең менен болгон беттеште Антонина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калды. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылды.

"Кандай гана болбосун, сени жакшы көрөм, менин сүйүктүү эжем! Сен мага эргүү, колдоо берген дүйнөдөгү эң кымбат адамымсың. Жаракатыма байланыштуу октагондун бурчунда туруп, сага колдоо көрсөтө албай калганыма ыңгайсыз болуп турам. Бирок ар дайым жаныңда болом" — деген Валентина.

Белгилей кетсек, эже-сиңдилер бир салмактан беттешке чыгышат. Бүгүн Антонина Валентинанын мурдагы атаандашы менен кармашты. Ушул жылдын февралындагы UFC 247 турниринде кыргызстандык спортчу Чукагянды техникалык нокаут менен утуп, наамын коргоп калган.

0
Белгилер:
атаандаштык, колдоо, беттешүү, Валентина Шевченко, Антонина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты