Журналист Айжан Омолдошева: канатыңды кыркып коем деп коркуткандар болду

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева маек учурунда
Ала-Тоо 24 телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айжан Омолдошева кычыраган костюмдан, бийик туфлиден, жаркыраган макияждан, миллиондогон көрүүчүлөрдөн анан да даяр тексттен баш тарткандардын бири. Башкача айтканда алып баруучулукта жүрүп кабарчылыкты тандаган.

39 жаштагы Айжан Омолдошева "Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы. 15 жылдык иш тажрыйбасындагы элге жеткирген кабарлары, жасаган материалдарынын курчтугу, образы, кадр сыртындагы кубаттуу үнү журт ичине Омолдошева деп таанытты.

Журналист Айжан Омолдошева менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Журналистика тармагында окуган жаштардын көбүндө коомчулукка таанылуу үчүн сөзсүз эле көгүлтүр экранга чыгуу керек деген түшүнүк бар. Бирок материалдары менен жарандардын оюн өзгөртө алган кабарчылар деле эл оозуна алынып келет. Алардын бири сиз болсоңуз керек?

— Ар бир журналисттин көздөгөн максаты болот. Айрымдарда сиз белгилеп өткөн ойлор бар. Мен алгач журналистика майданына келгенде алып баруучулуктан баштадым. Аны менен катар кабарчы да болдум. Бирок алып баруучулук менен командировкага, чет мамлекетке чыга албай, башкалардын даяр текстин окуп, өзүмдү сандыктын ичине түшүп чектелип калгандай сездим. Карьера жасаш үчүн журналист болууга туура келди.

© Фото / Санаят АкималиеваАйжан Омолдошева: Журналист болбосом өзүмдү кайсы кесиптен тапмакмын деген суроого да жооп бере албайм. Бул кесипти аркалайм деп жогорку окуу жайдан эки диплом алдым
Журналист телеканала Ала-Тоо 24 Айжан Омолдошева - Sputnik Кыргызстан
Айжан Омолдошева: Журналист болбосом өзүмдү кайсы кесиптен тапмакмын деген суроого да жооп бере албайм. Бул кесипти аркалайм деп жогорку окуу жайдан эки диплом алдым

— Анан алып баруучулуктан кабарчылыкка өткөнүңүздө өкүнгөн учурлар болдубу?

— Эч качан! Журналист болбосом өзүмдү кайсы кесиптен тапмакмын деген суроого да жооп бере албайм. Бул кесипти аркалайм деп жогорку окуу жайдан эки диплом алдым. Азыр да журналистика боюнча илимий даражалардын үстүнөн иштеп келем.

— Сиз дарак бир жерден көгөрөт дегендердин катарында окшойсуз. Дегеним, биз билгенден илгертеден бери коомдук биринчи каналда иштеп келесиз?

— 15 жыл мурда коомдук биринчи каналдын босогосун аттагам. КТРК мен үчүн экинчи үйүм болуп калды. Ушул кезге чейин башка жакка иштейм деген ой болгон эмес. Болбойт дагы деп ойлойм.

— Башка жакка жумушка чакыруулар болду беле?

— Болуп эле келе жатат. Өзүм Нарындан болом, Нарын телекомпаниясына келип иштеп бербейсиңби деген сунуштар түшкөн. Башка да телеканалдарга, гезиттерге чакырышкан. Алар көбүнчө кошумча жумуш катары иштөөнү суранышат. Бирок телеканалдын жумушу менен журналистиканын башка багытын айкалыштыруу мүмкүн эмес. Ишке эрте келишиң мүмкүн, бирок эрте кете албайсың. "Ала-Тоо" күнү-түнү иштегенден бери жумушубуз ого бетер күчөдү. Бирок эч убакта үйгө кеч бардым деген нааразычылыктар болбойт. Себеби сүйгөн жумушуңду берилүү менен аткарат экенсиң.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйжан Омолдошева: Көп учурда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу материалдарга туш келип калам. Маселен өрт чыгып жаткан жерде окуяны жай түшүндүрүү мүмкүн эмес
Журналист телеканала Ала-Тоо 24 Айжан Омолдошева - Sputnik Кыргызстан
Айжан Омолдошева: Көп учурда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу материалдарга туш келип калам. Маселен өрт чыгып жаткан жерде окуяны жай түшүндүрүү мүмкүн эмес

— Мен билгенден даярдаган сюжеттериңиз курч, анан үнүңүз да абдан кубаттуу. Өзүңүзгө билинеби?

— Көп учурда өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу материалдарга туш келип калам. Маселен өрт чыгып жаткан жерде окуяны жай түшүндүрүү мүмкүн эмес.

— Ошондой кооптуу жерлерде өмүрүңүздү тобокелге салган учурлар болду беле?

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
— Эсиңиздерде болсо керек, 1-2 жыл мурда борбордогу Фучик көчөсү тарапта бензовоз жарылган. Кырсык болгон жердин айланасы коопсуздук кызматкерлери тарабынан курчалып, журналисттер киргизилген эмес. Биз андай кырдаалда сөзсүз жол таап кетишибиз керек. Карасам ӨКМдин жетекчиси келатыптыр, мурда иш менен тааныш болуп калгандыктан "мен сиз менен кошо кирем" деп ээрчип алдым. Андайда коркуу сезими да житип кетет. Сюжетибизге керектүү жерин тартып, курчалган жактан чыккандан кийин гана кооптондум. Ичимден артыбыздагы май куюучу жай жарылып кетсе эмне болот эле деп ойлодум. Иш тажрыйбамда митингдерге күбө болдук, "силер өкмөттүн буйругун аткарасыңар" дегендер кол салганга чейин барышкан.

— Жеке өзүңүздү коркуткан учурлар болду беле?

— Сын материалдарды жазган учурда "эмне эле бизге асылып калдың, бала-чакаң кандай жүрөт" деп телефон аркылуу коркуткандар болгон.

— Так бир учурду эстей аласызбы?

— Анда мен КТРКга келе элек учур болчу. Нарында радиодо жана маалымат сайттардын биринде иштечүмүн. Ошондой күндөрдүн биринде сын материал жаза коюп "жаңыдан күүлөнүп келе жаткан канаттарың кыркылып калбасын, эсиңе салып коеюн ушуну" деген сыяктуу коркутууга дуушар болгом.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйжан Омолдошева: Албетте үй-бүлө бардыгынан маанилүү. Бирок материалды берүүдө жакындарыңды ойлогонго убакыт болбой калат. Кандай жол менен болсо да чындыкты сууруп чыкканга аракет кыласың
Журналист телеканала Ала-Тоо 24 Айжан Омолдошева - Sputnik Кыргызстан
Айжан Омолдошева: Албетте үй-бүлө бардыгынан маанилүү. Бирок материалды берүүдө жакындарыңды ойлогонго убакыт болбой калат. Кандай жол менен болсо да чындыкты сууруп чыкканга аракет кыласың

— Кайсы бир сын материалды жасоону пландап, бирок үй-бүлөңүздүн коопсуздугу үчүн баш тартып койгон учур болдубу?

— Албетте үй-бүлө бардыгынан маанилүү. Бирок материалды берүүдө жакындарыңды ойлогонго убакыт болбой калат. Кандай жол менен болсо да чындыкты сууруп чыкканга аракет кыласың.

— Кесиптештердин ичинен сиз мыкты деп эсептегендер барбы?

— Мыктылар өтө көп. Убагында журналисттик карьерамдын түптөлүшүнө таасир берген — Эрнис Кыязов болду. Анын сөзүнүн курчтугуна, ой-толгоосуна, жазганына абдан баа берем. Жарым сааттык берүүсү болсо да экрандан көзүмдү албай көрчүмүн.

— Жумуштан чарчаган, чаалыккан учурларыңыз болобу?

Ала-Тоо 24 маалымат телеканалынын директору Жылдыз Жумабекова маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Жумабекова: сабайбыз дегенине карабай Саруудагы митингге барып алгам
— Чынын айтсам жумушка майрамдагыдай келебиз. Бир бөлмөнүн ичинде кечке отуруп иштегидей бухгалтер же экономист эмеспиз да. Көбүнчө эл менен аралашып сыртта жүрөбүз. Эң кызыгы кайсы жакка барып, кандай материал жасаарыбызды алдын ала билбейбиз.

— Журналисттик карьераңызда жасаган кайсы бир материалыңызды өзгөчө бөлүп, сыймыктануу менен айта аласызбы?

— Ар бир эмгегибизди үй салгандай эле жаратабыз. Мен бир тема жасасам, аны башка журналист такыр эле башка өңүттө чагылдырат. "Бир ырым менен эмгек сиңирген артист болдум эле" деп мактангыдай биз ырчы эмеспиз. Ар бир материалымдын чыгышын чыдамсыздык менен күтөм.

— Баса, интернеттеги сүрөттөрүңүздөн жүзүңүздөгү өзгөрүүнү байкап калдым. Көзүңүзгө сурма жасаттыңыз беле?

— Көптөр ошентип ойлойт экен. Чынында оң көзүмө киста чыгып операция жасаткам. Анан эки жагы окшош болсун деп сол жагына да жасатууга туура келген.

— Кесиптештериңиз сизди баатыр эне дешет экен. Мүмкүн болсо жеке жашооңүз тууралуу дагы айтып берсеңиз?

— Үч кыз, бир уулум бар. Улуусу 1-курста окуйт, кичүүсү 9 айлык, ортончуларынын бири 1-класста болсо, экинчиси 3 жашта. Биздин коллективде көп балалуу айымдардын катарын толуктайм.

— Бир эле учурда жеке жашоону дагы, үй-бүлөнү дагы алып кетүүгө кантип жетишип жатасыз?

Телеведующая Айзада Жамгырчиева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Жамгырчиева: учурда бир мырза менен турмуштук сыноодо жүрөм
— Биздин кесипте үй-бүлөнү бирге алып кетүү өтө кыйын. Убагында менде деле кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр болду. Кудайга шүгүр, азыр бардыгы оюмдагыдай. Жолдошум ишимди түшүнөт, колдойт. Өзү жеке ишкерлик менен алектенет. Мен декретте жүргөн маалда "мүмкүн ишиңди улантпай эле менин бизнесиме жардам бересиң" деп сунуштаган. Бирок акыры журналистикага болгон берилүүмдү түшүндү окшойт.

— Сизди тарбиялап өстүргөн ата-энеңиз тууралуу дагы айта кетсеңиз?

— Атам Жумак айыл чарба адиси, апам Шамзада пенсияга чыкканча бухгалтер, салык инспектору болуп иштеди. Беш баланы тарбиялап, астыбызды чет мамлекеттен окутканга жетишти. Үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакынбыз. Мектепте окуп жүргөндө комузда кол ойнотуп республикалык денгээлдеги конкурстарда дастан айтуучулук боюнча алдыңкы орундарга илинип жүргөм. Азыр иним менен келиним ырдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0