Телефонду өчүрбөгүлөчү! Журналисттин кыжырын кайнаткан 8 учур

© Sputnik / Табылды КадырбековИш-чарадагы кабарчылар. Архив
Иш-чарадагы кабарчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттик кесип билгендерге жеңил эмес. Өлкөдөгү болуп жаткан окуяны ыкчам, так жана туура жеткирүү журналисттин негизги жумушу болуп саналат эмеспи. Кокус бир жерден туура эмес маалымат берип же эфириң үзгүлтүккө учурап калса ага башың менен жооп берип, ал тургай кызматтан айдалып кетишиң да мүмкүн.

Дал ушул жумуштун ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүргөн кызматкерлердин бүгүн кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги теле, радио, гезит, сайттарда иштеген журналисттердин жанын кашайткан учурларын тизмектеп чыкты. Майрамыңыздар менен, кесиптештер!

Убадага турбаган адамдар. Көбүнчө телевидение жана радиого түз эфирге келчү адамың аз калганда чалсаң телефонун өчүрүп же "келе албай калдым" деп айтканда жан кашайганды айтпай эле коелу. Бул учурда сизди бир эле журналист эмес, бүтүндөй өлкө күтүп жаткан болот. Анчалык эле жумуштарыңыз чыгып калса баарын бушайман кылбай бир күн эрте бара албайм деп айтып коюңуз. Сизди эч ким эфирге чык деп кыйнабайт.

Ала-Тоо 24 телеканалынын кабарчысы Айжан Омолдошева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Журналист Айжан Омолдошева: канатыңды кыркып коем деп коркуткандар болду
Тетири жүргөн респонденттер. Айрым адамдар сүйлөп, интервью бергендей кийин "тиги жерин, бул жерин алып сал" деп жинди келтиришет. Биринчиден журналист уккан нерсесин жазат, экинчиден ал сөздөрдү айтаардан мурда ойлонбойсузбу, адамды убара кылбай.

Ойду-тоону сүйлөгөндөр. Респондетке конкреттүү бир суроо берсең, ал кайдагы бир тоо-ташты сүйлөп ошол теманын айланасында эле жүрө берет. Анан да кадыр-барктуу эле чиновниктер "эме-неме" деп сүйлөгөндө "рахматыңды" айтып басып кетейин дейсиң… Баса, айрым чоң эле кишилер интервью берип жатканда уйга окшоп сагыз чайнаганда жаакка бир чапкың келет.

Өтүнүч кат. Мамлекеттик мекемелердин өтүнүч кат жөнөткүлө дегени көп журналисттин көкөйүнө көк таштай тийсе керек. Мейли, жөнөт десе жөнөтөбүз, бирок ошол катка тезирээк, анан тагыраак жооп берип койсо ырыс менен кешик да. Кээде бир-эки жума, ал тургай ай өткөндөн кийин араң жообун беришет. Анысында биз күткөн жооп болсо жакшы, таптакыр башка нерселерди жазып берип коюшканда жаныңды коерго жер таппай каласың. Анан да ушул мекемелердин топтой кылып бири-бирине чалдыра бергендери да жанды кашайтып жиберет.

Көчө тазалап жаткан Тазалык ишканасынын кызматкеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Көчө шыпыргычтардын жанын кашайткан 6 көрүнүш
Иштебеген маалымат кызматтары. Айрым мамлекеттик мекемелерге маалымат кызматтын деле кереги жок. Же кыйратып жооп беришпейт, чалсаң албайт, нормалдуу маалымат жазбайт, айтор, эмне иш кылып жатканын түшүнбөй кетесиң.

Кечиккендер. Маанилүү иш-чара, маалымат жыйын болоордо кечигип келген кесиптештер жана респонденттер да жинди келтирет. Алардын айынан канча убакыт текке кетет.

Туура эмес маалымат берип койгондор. Айрым маалымат кызматтары журналисттерге өздөрү туура эмес билдирүү таратып коюшат да, коомчулукка жарыялангандан кийин "бул туура эмес болуп калыптыр, оңдоп койгулачы же алып салгылачы" дегенде күйбөгөн жериң күл болот. Маалыматты бизге берээрден мурда бирөө жарым менен кеңешесиңерби? Журналисттерге бергенден кийин бүттү да, коомчулукка дароо жарыяланат. Ушундай кырдаалдардан улам биздин кадыр-баркка да доо кетет.

"Ууру" кесиптештер же плагиаттар. Кээде көп убактыңды кетирип чоң материал жасасаң айрым кесиптештер алып туруп бетин кызартпай, эч кандай шилтеме бербей туруп сайтына же каналына чыгарып коюшат. Урматтуу кесиптеш, жарыяласаң жарыяла, бирок бир ооз сурап же болбой калды дегенде шилтеме берип койсоң болот да…

Жаңылыктар түрмөгү
0