Аида Салянованын иниси Улан Салянов жерге берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг-реквием, посвященный 71-летию освобождения Ленинграда от блокады
Митинг-реквием, посвященный 71-летию освобождения Ленинграда от блокады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 1:30дар чамасында белгисиз үч адам үйүнөн атып кеткен

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иниси Улан Салянов жерге берилди. Бул тууралуу Аида Салянованын мурдагы жактоочусу Улан Жумаков Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Убийство Улана Салянова - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянованын инисинин атылышы. Учурда эмне белгилүү
Анын айтымында, Саляновдун сөөгү Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылына коюлду.

Милиция 6-ноябрга караган түнү саат 1:30дар чамасында белгисиз үч адам Улан Саляновдун үйүнө кирип барып, атып кетишкендигин кабарлаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча кылмышкерлер ага эки ирет ок чыгарып, андан соң из жашырган. Салянов алган жаракатынан ооруканага жеткирилген соң каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0