Чач-тырмакка байланыштуу 7 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль кочевников в ущелье Чункурчак
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ата-бабалар илгертен чач менен тырмакка да этият мамиле жасап, аларга карата ар түрдүү ишенимдерди колдонушкан. Бул тыюулар адамды гигиеналык-санитардык жактан да таза жүрүүгө тарбиялоо менен алардын ыймандык түшүнүктөрүн кошо калыптандырган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратовдон чач менен тырмакка карата жасоого болбой турган нерселерди сурап билди.

Чачты, тырмакты жерге таштабайт. Чач менен тырмакты алган соң аны эч ким тийбеген, адам баспаган жерге көөмп коюш керек. Мындан сырткары, чач менен тырмакты отко салбайт.

Чачты жулбайт. Чачты бирин-экин ак араласа, аларды да жулбаш керек. Чач адамдын — көркү гана эмес, ал адептик түшүнүк катары да сыпатталган.

Встреча олимпийцев сборной Кыргызстана в аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Тескери койбойт, бир колдоп сындырбайт. Нанга байланыштуу 6 "болбойт"
Чачты тебелебейт. Жерге түшкөн чачтын баарын кол менен чогултуп, киши баспаган жерге коюу керек. Чачы тебеленген кишинин башы оорукчан болуп калат деген элдик ишеним бар.

Кош бойлуу келин чачын кыркпайт. Илгеркилер келиндин кош бойлуу кезинде чач кыркуусу ичиндеги баласынын өмүрүн кыюуга тете деген ырым колдонушкан.

Тырмакты агын сууга ыргытпайт. Тырмагын агын сууга ыргытуу адамдын адепсиз, маданиятсыздыгынан кабар берген.

Тырмакты түндө албайт, тиштебейт. Тырмак тиштеген адам жакырчылык чакырат деп тыюу салышкан.

Тырмакты көрүнгөн жерден албайт. Тырмакты ашкана, казан-аяк жууган жерден албай, сыртта же жуунучу бөлмөдөн алуу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0