Окумуштуулар уктаар алдында тамактангандын таасирин аныкташты

© Sputnik / Табылды КадырбековX международный фестиваль ремесленников "Оймо"
X международный фестиваль ремесленников Оймо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер адам эс алып жатканда же эс алаардын алдында тамакка тоюп жатпаш керек экенин эскертишти

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кечинде көп тамак жеп жатуу бир гана семирүүгө алып келбестен, адамды жүрөк-кан тамыр жана диабет ооруларына да чалдыктырат. Мындай иликтөө Experimental Physiology журналына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты.

Дрейфующий ледовый лагерь Барнео в Арктике - Sputnik Кыргызстан
Ары турчу!.. Маани бербеген, бирок жүрөк айланткан 5 оору
Мексиканын улуттук автономдук университетинин окумуштуулары чычкандарга эксперимент жүргүзүп, аларды ар кандай убакта тамактандырып көрүшкөн. Жаныбарлардын биринчи тобу тамакты кадимки режимде жеп, ал эми башка топко уктаар алдында кошумча тамак берилген.

Эксперименттин жыйынтыгында экинчи топтогу чычкандардын канында майлар көп экени аныкталып, мындай көрсөткүч диабет жана жүрөк ооруларына алып келери белгилүү болгон.

Окумуштуулардын айтымында, чычкандарга жасалган эксперимент адамдарга да тиешелүү. Мындан улам адистер адам эс алып жатканда же эс алаардын алдында тамакка тоюп жатпашы керек экенин эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0