"Инкар-Йакын" диний кыймылы кантип пайда болгон?

Жазылуу
Жакында Чүй облусундагы мечиттердин биринде "Инкар-Йакын" кыймылынын кезексиз съезди өтүп, укук коргоо органдары анын лидерин кармаган.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Чүй ОИИББи "Инкар-Йакын" кыймылынын мүчөлөрү Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбей, динди жайылтуу иштерин мечиттин имамдары менен макулдашпастан ишке ашырып келет деген маалыматты таратты.

Ситуация в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
КМШда террорчулардын жалпы малыматтык базасын түзүү каралып жатат
Ага ылайык, аталган кыймыл муфтияттын ишин тааныбай келет. Мындан улам 2017-жылдын 15-июнунда аталган агым экстремисттик деп табылып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган. Sputnik Кыргызстан агенттиги көптөгөн суроолорду пайда кылган диний жамаат жөнүндө айрым жагдайларды тактап көрдү.

Экстремисттик делген корутунду чыгарылган

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси Эсенгелди Жумакуновдун айтымында, бул кыймылдын өкүлдөрү дааватка чыгуу үчүн муфтияттан уруксат кагаз алуу сүннөткө (Муххаммед пайгамбардын кылган ишине — ред.) туура келбейт деп эсептешет.

"Андан сырткары, алар балдарын окутпайт, медицина кызматын колдонбойт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эксперттери ушул жагдайларды эске алып, "Инкар-Йакын" кыймылын экстремисттик деп корутунду чыгарган. Себеби убакыттын өтүшү менен алар радикалдашып өз катарына көп адамдарды тартып, андан соң өзүнүн пикирин күч менен дагы көрсөтүшү мүмкүн", — деди Жумакунов.

Алар жөнөкөй эле мусулмандар…

Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жаштарды азгырып, эл аралык издөөдө жүргөн экстремист колго түштү
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Билал ажы Сайпиев мындан үч жыл мурун 2020-жылга чейинки диний чөйрөнү жөнгө салуу боюнча мамлекеттик концепция кабыл алынганын, аталган документтин бир пунктунда дааватчылардын кийимин, билимин жолго салуу каралганын айтып берди.

"Ошондон кийин аалымдар кеңешип бирдиктүү кийим кабыл алынган. Бирок ага саналуу адамдар каршы чыгып, муфтият иштеп чыккан формага макул болгон эмес. Мындан улам алардын дааватка чыгуусуна тыюу салганбыз. Андан соң алар өзүм билемдик менен дааватка чыга баштаган. Ал эми идеологиялык жагынан айтсак, инкар-йакынчылар жөнөкөй эле мусулмандар, эч жерден келген эмес, көпчүлүгү жергиликтүү эле тургундар. Алардын халифат куруу, бийликти басып алуу өңдүү радикалдык максаты деле жок", — деди Сайпиев.

Ошондой эле ал диний чөйрөдө тартип болуусу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

ИИМ эмне дейт?

Милиция тараткан билдирүүсүндө "Инкар-Йакын" кыймылынын мүчөлөрү эч бир мыйзамга баш ийбей, динди жайылтуу иштерин мечиттин имамдары менен макулдашпастан ишке ашырып жатканы, натыйжада мечиттерде вертикалдык кош структура пайда болгонун айтат.

Протест против преследования мусульманского этнического меньшинства Рохингья в Мьянме - Sputnik Кыргызстан
Чүй ОИИББ: "Инкар-Йакын" кыймылы эч бир мыйзамга баш ийбей келет
"Бул агымдын өкүлдөрүнүн медицинага, билимге, үй-бүлөгө, туугандарга болгон кайдыгер мамилеси алардын ден соолугуна терс таасир этип, үй-бүлөлөрдүн урашына алып келип жатат. Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Беловодск айылындагы мечиттердин биринде кезексиз съезд өткөрүп жаткан "Инкар-Йакын" кыймылынын 47 жаштагы башкы лидери кармалган. Ал буга чейин 20 жолу Индия менен Бангладешке барып, жыл сайын өткөрүлчү жыйындарга катышып турган. Аталган идеологияны карманган бул жаран 2003-жылдан бери диний адабияттарды кыргыз, орус тилдерине которуп келген. Ал ошондой эле муфтияттын өкүлдөрүн сындоо менен "Инкар-Йакын" кыймылын түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда 21 диний агым жана бир адамдын үгүт материалдарына тыюу салынган. Жалпы жонунан өлкө аймагында 3150 диний уюм катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0