Бишкекте жоголгон кыздардын тууганы: окуучуларды Оштогу мейманканадан көрүшүптүр

Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткан кыздардын бири 13, экинчиси 12 жашта

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мындан эки күн мурун Бишкектен жоголгон эки окуучу кызды Ош шаарынан көргөндөр бар. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине изделип жаткан кыздардын биринин эжеси Мээрим Тургуналиева билдирди.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПропавшая Сезим Тургуналиева 2004 года рождения
Пропавшая Сезим Тургуналиева 2004 года рождения - Sputnik Кыргызстан
Пропавшая Сезим Тургуналиева 2004 года рождения

13 жаштагы Сезим Тургуналиева жана 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда өздөрү окуган №28 мектепке кеткен бойдон кабарын билдирген эмес. 

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПропавшая Азиза Мухамед кызы 2005 года рождения
Пропавшая Азиза Мухамед кызы 2005 года рождения - Sputnik Кыргызстан
Пропавшая Азиза Мухамед кызы 2005 года рождения

"Бүгүн Оштогу мейманканалардын биринин кызматчысы чалып кыздар ошол жерде түнөгөнүн кабарлады. Алардын жанында бирөө жарым бар-жогун айткан жок. Сүрөтүн гана жөнөттү. Ата-энелер милиция менен кошо Ошко жөнөп кетишти", — деди Тургуналиева.

Учурда кыздарды жакындары жана милиция издөөдө. Эгерде окуучуларды кимдир бирөө көрүп калса, (0704) 90-05-80, (0709) 68-10-19, (0772) 66-94-24, (0312) 56-60-43 же 102 номуруна чалып коюуну өтүнүшөт.

Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы окуя тууралуу кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0