Бишкекте жоголгон 12-13 жаштагы кыздар эки күндөн кийин Оштон табылды

Жазылуу
Кыздар учурда шаардык милиция бөлүмүнө алып келинди

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Мындан эки күн мурун Бишкектен жоголгон окуучу кыздар Ош шаарынан табылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине бирөөсүнүн атасы билдирип, Ош ШИИБдин маалымат кызматы тастыктады.

Милициянын айтымында, кыздар Ош шаарына такси менен 10-ноябрь күнү барып, мейманканалардын бирине түнөшкөн.

13 жаштагы Сезим Тургуналиева жана 12 жаштагы Азиза Мухамед кызы 9-ноябрда өзү окуган №28 мектепке кеткен бойдон кабарын билдиришкен эмес.

"Жоголгон кыздар учурда шаардык милиция бөлүмүнө алып келинди. Окуянын себептери такаталууда. Ушу тапта кыздардын ата-энелери келе жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин изделип жаткан кыздардын биринин эжеси аларды Оштогу мейманканадан көргөндөр бар экенин айткан.  

Жаңылыктар түрмөгү
0