Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда (Сосновка посту) рейд өткөргөн

"Сосновка" постунда жүргүнчү ташыган кичи автобустардын өтүшүнө тыюу салынды

745
(жаңыланган 10:28 13.11.2017)
"Сосновка" көзөмөл пунктунан эки күндүн ичинде милиционерлер 100 автоунааны текшерген

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда ("Сосновка" посту) рейд өткөргөнүн мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

  • Рейд на трассе Бишкек — Ош (пост Сосновка)
    Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда ("Сосновка" посту) рейд өткөргөн
    © Фото / пресс-служба ГУПМ КР
  • Рейд на трассе Бишкек — Ош (пост Сосновка)
    Рейд эки күндөн бери жүрүп жатат.
    © Фото / пресс-служба ГУПМ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГУПМ КР
Кайгуул милиция башкы башкармалыгы Бишкек — Ош жолунда ("Сосновка" посту) рейд өткөргөн

Рейд эки күндөн бери жүрүп жатат. Кайгуул милициясынан билдиришкендей, 15-октябрдан май айына чейин жүргүнчүлөрдү автобус жана чакан автобустар менен ашуу аркылуу ташууга тыюу салынган.

Текшерүү учурунда беш чакан автобус кайта Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле жүргүнчү ташыган минивэндердин техникалык абалы текшерилген. Андан сырткары, 15 айдоочуга айып салынган.

Техникалык талапка жооп бербеген жүк ташуучу унаалар дагы текшерилген. Эки күндүн ичинде 100дөй автоунаа каралган.

745
Белгилер:
милиция, микроавтобус, рейд, Кыргызстан
Тема боюнча
Нарын — Өрүктам жолу жазга чейин жабылды
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

17
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

17
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

20
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

20
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш