Премьер-министр Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү

Исаков Кайгуул милициясы эмнеге жоюлганын айтып берди

1307
(жаңыланган 22:19 13.11.2017)
Жол коопсуздугун сактоого багытталган планына 103 пункт камтылып, 6 негизги блоктон турат

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 13-ноябрда, жол коопсуздугу боюнча реформанын планы кандай аткарылып жатканын текшерди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Аталган планда 103 пункт камтылган, 6 негизги блоктон турат. Ошондой эле жол коопсуздугун сактоого багытталган 148 иш-чара аткарылат.

Сурамжылоо

Кайгуул милиция башкармалыгын жоюп, жаңы кызматты түзүүгө кандай карайсыз?
  • Терс. Каражатты ыксыз коротуу деп ойлойм
    33.3% (33)
  • Колдойм. Өкмөт эмне кылып жатканын билет
    23.2% (23)
  • Билбейм. Инспекторлор жакшы деле иштеп кетпейт
    37.4% (37)
  • Мага баары бир
    6.1% (6)
Добуш бергендер: 1
"Жолдогу коопсуздукту жакшыртууга багытталган планды жүзөгө ашыруу иштери жай жүрүп жатат. Мындан улам кезексиз жыйын өткөрүп, Кайгуул милициясын жойдум. Бул кызматтардын аталышын эле өзгөртүү эмес, жол коопсуздугун сактоого багытталган алгылыктуу кадамдар болуп саналат", — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле ал бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылып бүтүшү керектигин баса белгилеп, эгер убагында аткарылбаса кызматтан кетирүүгө чейинки чаралар колдонуларын айтты. Мындан тышкары, өкмөт башчы процесстерди автоматташтыруу, жаңы кызматкерлерди алуу аракеттерине, "Акылдуу шаар" долбооруна жана маалыматтык иш-чараларга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Белгилей кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков 9-ноябрда, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын түзүү тууралуу токтомго кол койгон.

1307
Белгилер:
Сапар Исаков, план
Тема боюнча
Кайгуул милициясы жоюлуп, ордуна жаңы кызмат түзүлдү
Өкмөт "Таза Коомду" ишке ашырууга "Майкрософт" сыяктуу компанияларды тартат
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

52
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

52
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

87
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

87
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!