Ар биринен 150 доллар. Кыргызстандагы терминалдардан кантип акча табууга болот

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүТөлөм терминалы. Архив
Төлөм терминалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар бир кезекте түстүү электрондук акча алгычтарга дегеле ишенбей тургандай сезилген.

Терминалдар… Интернет, жарык, телефонго төлөмдөрдү кабыл алчу бул ачык түстүү аппараттарды ар бир ири дүкөндөн көрүүгө болот. Кыргызстандын төлөм тутум операторлорунун биримдигинин президенти Руслан Алишев бул канчалык кирешелүү бизнес жана келечеги кандай экенин айтып берди.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын төлөм тутум операторлорунун биримдигинин президенти Руслан Алишев
Президент Ассоциации операторов платежных систем Кыргызстана Руслан Алишев  - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын төлөм тутум операторлорунун биримдигинин президенти Руслан Алишев

— Бир бизнесмен кафеге эмес, каражатын төлөм тутумдарына салганда азыр миллионер болуп каларын айтып наалыган эле мага…

Тигүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумада 17 кардар жоготтук! Чек ара көйгөйү КР тигүүчүлөрүн сызга отургузууда
— Он жыл илгери шаарда терминалдар биринен сала бири пайда боло баштаган. Ал кезде баалары кымбат эле, бир аппарат 2,5 миң доллар турчу. Эми алардын өздүк наркы алдаканча ылдыйлады, бирок мындай бизнес ошол кезде чындап кирешелүү эле. Себеби, Бишкекте төлөм терминалдары азыраак болчу, ошондуктан бирөөнөн эле көп акча өтчү. Азыр алардын саны көбөйүп мурдагыдай кирешелүү болбой калды.

Бул бизнестин табиятын айтып берейин: төлөм тутумдарынын терминалдары көпчүлүк учурда агенттерге – өз убагында терминал сатып алып, төлөм тутум операторлоруна туташып, киреше көрүп жаткан адамдарга таандык. Каражат жумшап, сиз деле терминал сатып алып, ал агенттердин катарына кире аласыз.

— Чыгым болуп калбаймбы? Канча табам?

— Алгач 1500 доллардын тегерегинде коротууга туура келет. Ал эми киреше көп фактордон көз каранды. Мисалы, терминалды атаандаш жок, бирок калктуу жерге орнотсоңуз, көп пайда таба аласыз. Эгер орун ылайыксыз болсо, тапканыңыз азыраак болуп калат. Так сумма айта турган болсок, киреше 15-150 долларга чейин жетет.

— Көз боемочулар терминалды ачууга аракет кылышпайбы?

— Ооба, албетте, андай аракеттер болбой койбойт. Бирок коопсуздук кызматы да өз маалында чара көрөт, ошол себептен олуттуу көйгөй жок.

— Терминалда канча каражат сакталат?

— Аз эле. Коопсуздук максатында төлөм уюмдары аппаратта көп суммадагы акча кармашпайт. Андан тышкары, терминалдын үкөкчөлөрү же мүшөктөрү деле көп акча салууга ылайык эмес.

Бир төлөм уюмунун терминалы уурдалган учур болгон. Кылмышкерлердин "олжосу" болгону 130 сом экен.

— Чанда гана жүрөгү тоо киши терминалга 500 сомдон көп каражат салбаса, көпчүлүгү дарегине жетеби же жетпей калабы деп санааркайт. Мындай маселелер көп жаралабы?

— Ооба, бирок чочулоонун кереги жок. Маселен, байланыш үзүлүп, төлөм жүргүзүлүп жатканда жарык өчүп, ушул өңдүү техникалык мүчүлүштүктөр кетиши ыктымал. Андай учурлар үчүн төлөм уюмдарында чалууларды кабыл алуу борбору бар. Адистери мындай маселелерди чечип беришет. Бул боюнча олуттуу көйгөй чыкпайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековРуслан Алишев: он жыл илгери шаарда терминалдар биринен сала бири пайда боло баштаган. Ал кезде баалары кымбат эле, бир аппарат 2,5 миң доллар турчу. Эми алардын өздүк наркы алдаканча ылдыйлады, бирок мындай бизнес ошол кезде чындап кирешелүү эле
Президент Ассоциации операторов платежных систем Кыргызстана Руслан Алишев  - Sputnik Кыргызстан
Руслан Алишев: он жыл илгери шаарда терминалдар биринен сала бири пайда боло баштаган. Ал кезде баалары кымбат эле, бир аппарат 2,5 миң доллар турчу. Эми алардын өздүк наркы алдаканча ылдыйлады, бирок мындай бизнес ошол кезде чындап кирешелүү эле

— Телефондун балансын толуктоо үчүн бир терминалда 5 сом, айрымдарында 10 сом акы алынат. Эмне үчүн?

— Бул төлөм уюмдарынын жана ортомчулардын өз ара мамилесинен көз каранды. Кээде мобилдик операторлор сүйлөшүп, төлөм терминалдарын өз ишканасынын стилине ылайыкташтырып, төлөшөт. Мында төлөм уюму ал уюлдук оператордун кардарларынан кошумча акы албайт. Бирок башка учурларда акы тигил же бул төлөм уюму белгилеген өлчөмгө жараша алынат. Албетте, буга төлөмдүн орточо суммасы менен терминалды, төлөм тутумун, инкассация, кызматкерлерди тейлөөгө жумшалган чыгымдар да кошулат.

— Жайында ири интернет-провайдерлер менен төлөм тутумдарынын операторлорунун ортосунда жаңжал чыккан. Ортодо Интернетке акы төлөөдөн кыйналган карапайым шаардыктар калышты. Эки ийгиликтүү төлөм тутуму өз ара сүйлөшүп алып, бул интернет-провайдерлер үчүн бааны абдан жогорулаткан деген кептер жүргөн.

Бизнесмен, владелец теплиц Тилек Токтогазиев - Sputnik Кыргызстан
Ийгиликке кантип жетип, кантип көп акча табуу керек. Ишкерден 8 кеп-кеңеш
— Менин билишимче, ал төлөм тутум операторлорунун асмандаткан деле талаптары жок. Андан тышкары, интернет-провайдерлер жар салгандай комиссия үч эсе көбөйтүлгөн эмес. Келишимдин күчү бүткөн убакытка чейин ал эч өзгөртүлгөн жок, муну текшерип деле көрсөңүздөр болот.

Интернет-провайдерлер жана төлөм уюмдары ишти улантуу шарттарында бир пикирге келе алышкан эмес. Менимче, кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу болушу керек. Айрым төлөм уюмдарынын келишим мөөнөтү бүткөн. Алар узартылбай калган.

Жарандар, албетте, белгилүү бир ыңгайсыздарга тушукту. Бирок төлөм уюмдарынын бардыгынын келишим мөөнөтү бүткөн эмес. Интернет кызматынын акысын провайдерлердин өз кеңселеринде, ошондой эле банк жана айрым төлөм уюмдары аркылуу төлөй алышат.

Азыр Кыргызстанда 20 чакты төлөм уюму иштейт, рынокто атаандаштар арбын, кардарлар каалаганын тандай алат.

© Sputnik / Табылды КадырбековРуслан Алишев: азыр Кыргызстанда 20 чакты төлөм уюму иштейт, рынокто атаандаштар арбын, кардарлар каалаганын тандай алат
Президент Ассоциации операторов платежных систем Кыргызстана Руслан Алишев  - Sputnik Кыргызстан
Руслан Алишев: азыр Кыргызстанда 20 чакты төлөм уюму иштейт, рынокто атаандаштар арбын, кардарлар каалаганын тандай алат

— Ар бир төлөмдөн 90 сом талап кылышкан деп айтылган эл арасында…

— Жок, бул жалган. Негизи, бир нече жыл мурун интернет-провайдерлер кардарларынын шаардын каалаган бурчунан кызмат акыларын төлөй алуусуна шарт түзүүгө умтулушкан. Эгер жаңылбасам, төлөм тутумдары менен түзүлгөн келишимдерге ылайык, комиссия 5 пайыздан ашык болгон. Бирок 2013-жылдан тарта акы улам төмөндөтүлүп келген. Ошондуктан кайсы бир мезгилде төлөм уюмдары үчүн иш таптакыр кирешесиз болуп калган.

— Төлөм тутумдары кадимки банктарга алмашышы ыктымалбы? Ошол эле акча которуу банк аркылуу бир топ эле кымбат турат, ал эми төлөм тутумдары муну акысыз жүргүзөт. Эмгек мигранттарыбыз банкка барбай эле туугандарына терминал аркылуу акча которуп калышы мүмкүнбү?

Седьмая годовщина Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жашоосун өзгөрткөн жети ишкер. Өлкө силер менен сыймыктанат!
— Төлөм тутумдары аркылуу акча которууда чектөөлөр бар. Бир жолкусу үчүн 50 миң сомдон ашпоого тийиш. Кайсы бир үлүшүн алар алышат. Электрондук капчыктан башка бир капчыкка акча которуу чындап эле бекер, ал эми аны банкоматтан алууда 0,2-1 пайызга чейин алынат.

Атаандаштык боюнча кеп козгосок, бүгүн рынокто "Элсом", "МобильникДеньги", "Умай" деп аталган улуттук электрондук капчыктар бар. Электрондук акчаларды жүгүртүү (эмиссияны) Улуттук банктын талаптарына ылайык, мындай ишмердикке лицензиясы бар коммерциялык банктар гана жүргүзө алат. Маселен, "Элсом" — KICB, ал эми "МобильникДеньги" – "Бай-Түшүм" банкынын эмитенти.

— Мисалы, Россиядан кайсы капчыкка акча салып, аны бул жактан алууга болот? Яндекс-акчаны ушундай жол менен жөнөтүүгө болобу?

— Болот, бирок Кыргызстанда аларды ала албайсыз. Билишимче, Россияда "Элсом", ал эми Казакстанда — "МобильникДеньги" тутумун толуктоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0