Даңк ордени. Архивдик сүрөт

Бишкек менен Оштун мэрлери "Даңк" ордени менен сыйланды

139
(жаңыланган 10:20 15.11.2017)
Өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасын чыңдоого салым кошкондор сыйланды

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-ноябрь күнү, "Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндөгү" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына жарыяланды.

  • Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке
    Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр города Ош Айтмамат Кадырбаев
    Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев
    © Фото / Сергей Лапушкин
  • Совещание по итогам деятельности ОАО Национальная энергетическая холдинговая компания за 9 месяцев 2016 года
    "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын төрагасы Айбек Калиев
    © Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов

Ага ылайык, өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын экономикасын чыңдоого салым кошкон ишкана ээлери менен мамлекеттик кызматкерлерге "Манас", "Даңк", "Достук" ордендери, "Даңк" медалы жана "Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" ардак наамы ыйгарылат.

"Даңк" орденине көрсөтүлгөндөрдүн катарында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКнын төрагасы Айбек Калиев дагы бар.

Мамлекеттик сыйлыкка бир катар ишкерлер менен кызматкерлер ээ болушту.

139
Белгилер:
наам, "Даңк" медалы, сыйлык, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Эрктүүлүк, кайраттуулук үчүн Даңк! Президент бир катар жарандарды сыйлады
Баатыр эне ордени менен Эне даңкы медалы 9 млн. сомго жасатылат
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

135
(жаңыланган 21:04 20.06.2021)
21-июнга караган түнү республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас облустарында жана өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Өрөөндөрдө жана дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө +19...+24, Нарын аймагында +18...+23 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градуска чейин жетет.

135
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, июнь
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Тактаны чачырата тепти. Асман менен баскан балдардын кызыктуу видеосу

132
(жаңыланган 20:29 20.06.2021)
АКШ менен Түштүк Кореянын тхэквондочуларынан куралган топ популярдуу болгон America"s Got Talent сынагынын көрүүчүлөрү менен калыстарын абдан таасирлентти.

Алардын суктанткан номери YouTube каналга жүктөлгөн. 

Аталган балдар-кыздар Олимпиадага чакырылып, бирок коронавирустун айынан болгон өзгөрүүлөрдөн улам ага катыша албай калганы айтылган. Дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чарага катыша албай калган спортчулар азыркы сынакка катышып көрүүнү чечкен.

"Бизди Олимпиадага чакырышкан, бирок пандемиядан улам оюнду өткөрүү мөөнөтү жылып кетип, ага катышууга мүмкүнчүлүк болбой калды", — деген топтун лидери.

Эки өлкөнүн таланттуу, шамдагай спортчуларынын бул шоу-номери көргөн адамды кайдыгер калтырбайт. Алардын бир нече метр бийиктикке секирип баратып, жолунан кездешкен такталарды бир нече бөлүккө чачырата тепкенин көрүүгө болот.

Андан сырткары балдар-кыздар кызыктуу бийлерди, акробаттык чеберчиликтерин көрсөткөн.

Спортчулардын талантына таасирленген калыстар тобунун мүчөсү, теле алып баруучу Терри Крюс дароо эле финалга жолдомо берген алтын баскычты басып, залды да, тхэквондочуларды да бактылуу кылган.

America's Got Talent — теледолбоору ар кыл таланттарды өзүнө чакырган кызыктуу шоу. Анын байге фонду миллион доллар.

132
Тема боюнча
Укмуш номер болуптур! Атайдын бий тобу Кытайдагы сынакта финалга чыкты. Видео